Түркиялык жаран "Алыкулдун изи менен" аттуу ыр китебин чыгарды

© Фото / Ибрагим ТүркханСборник стихов "Алыкулдун изи менен"
Сборник стихов Алыкулдун изи менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйнактын бет ачары 20-мартта Улуттук китепканада улуу акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата өткөрүлмөкчү

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Түркиялык жаран Ибрагим Түркхан кыргыз тилинде "Алыкулдун изи менен" деген ыр жыйнагын чыгарды. Бул туурасында автор Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

"Жыйнакка Кыргызстан, ата-эне, табият, сүйүү туурасындагы ырлар кирген. Китептин "Алыкулдун изи менен" деп аталышынын өзүнүн себеби бар. Буга чейин кыргыздын акын-жазуучуларынын бир топ чыгармаларын которгом. Мага өзгөчө таасир бергени – Алыкул Осмоновдун поэзиясы жана адамдык тагдыры болду", — деп айтып берди Ибрагим Түркхан.

Бүгүн Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Өз киндигин өзү кескен Шайлообек Дүйшеев. Акын тууралуу 5 факты
Учурда ал Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинин магистратурасында билим алууда.

Өзүнүн айтымында, 2007-жылы Түркияда буга чейин "Теңир-Тоо жаңырыктары" деп аталган китепти түрк тилинде чыгарган.

Бул жыйнактын бет ачары 20-мартта Улуттук китепканада улуу акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата өткөрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0