Кенже эпосторду жайылтуу максатында республикалык сынак жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийген театр актерлеру. Архив
Улуттук кийген театр актерлеру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгектер үстүбүздөгү жылдын 6-апрелине чейин кабыл алынат

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстанда кенже эпосторду жайылтууга багытталган республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы илим-билим берүү комплексинин кызматкери Лера Уркунбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте уюштурулуп жатат.

"Сынактын биринчи туру башталды. Республика боюнча мектеп окуучулары, адабий ийримдердин өкүлдөрү кенже эпосторду театрлаштырылган түрдө көрсөтүүлөрү керек. Катышууну каалагандар Бишкекте болсо өзүбүз видеого тартып кетебиз, ал эми аймактагылар аткарып, бизге видеосун жөнөтсө болот", — деди Уркунбаева.

Республика боюнча топтолгон материалдар кийин мектептер үчүн окуу куралы катары даярдалып чыгарылат.

Народный артист Кыргызстана Чоро Думанаев - Sputnik Кыргызстан
Актер Чоро Думанаев: 10 жашымда кайра биринчи класска отургам
Уркунбаева билдиргендей сынактын экинчи туру апрель айына белгиленген.

"Биринчи турда тандалган мыктылар Кыргыз драма театрында таланттарын тартуулайт. Анын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр тандалып баалуу белектер менен сыйланышат. Ошондой эле мыкты актердук чеберчилик, мыкты сценарист сыяктуу номинациялар дагы бар", — деди Уркунбаева.

Эмгектер үстүбүздөгү жылдын 6-апрелине чейин кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0