"Кыз-жигит Сармерден" долбооруна шайыр жеңе болуп Анара Шаимкулова тандалды

© Фото / Эрлан РайымкуловЫрчы Анара Шаимкулованын архивдик сүрөтү
Ырчы Анара Шаимкулованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кастингге 30га чукул ырчы кыз-келин катышкан

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. "Кыз-жигит Сармерден" долбооруна шайыр жеңе болуп ырчы Анара Шаимкулова тандалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине долбоордун продюсери Сагын Ниязалиева маалымдады.

Анын айтымында, кастингге 30га чукул ырчы кыз-келин катышкан.

"Шайыр жеңени тандоого атайын калыстар тобу түзүлгөн. Алардын арасында Гүлсүн Мамашева, Адылбек Кыязов, Шахра Талипова сыяктуу Эл артисттери, маданият каналынын жетекчилиги да болду. Кастингге катышкан кыздар үч турдан өтүп, соңунда ырчы Анара Шаимкулованы тандап алдык. Ал комузда кол ойнотуп, өзүн сахнада эркин алып, жакшы сүйлөгөндүгү менен шайыр жеңенин ордуна татыктуу деп тандалды", — деди Ниязалиева.

Ал ошондой эле "Сармердендин" быйылкы сезону Нооруз майрамына карата даяр болуп каларын кошумчалады.

Сармерден долбоорунун режиссеру жана продюсери Сагын Ниязалиева - Sputnik Кыргызстан
Сагын Ниязалиева: Гүлзат шатыра-шатман жүрсө, Гүлбүбү келишкен пери эле...
Анара Шаимкулова кыргыз фольклордук ырчылардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, комуздун коштоосунда "Насыйкат" баш болгон кыргыздын бир катар чыгармаларынын ажарын ачкан өнөр ээси. 

Белгилей кетсек, буга чейин  шайыр жеңе Гүлбү Ороcкул кызы былтыр октябрь айында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал эми ага чейинки шайыр жеңе Гүлзат Батырканова 2015-жылдын башында жол кырсыгынан бул дүйнө менен кош айтышкан.

"Кыз-жигит Сармерден" теледолбоору 2012-жылдан бери көрсөтүлүп келет. Былтыр долбоор 5 жылдык мааракесин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0