Карамушкина: Назира Мамбетованын 70 жылдыгына карата батир берели

© Фото / пресс-служба ЖК КРКСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина эл артисти абалы начар үйдө жашай тургандыгын айтты

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Назира Мамбетованын 70 жылдыгына карата батир берүү керектигин эл өкүлү Ирина Карамушкина парламентте сүйлөп жатып билдирди.

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз эл аристи Назира Мамбетова
Народная актриса Кыргызстана, артистка театра и кино Назира Мамбетова - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эл аристи Назира Мамбетова

Анын айтымында, эл артистинин бүгүнкү күнгө чейин өз үйү жок.

"Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова барак тибиндеги абалы начар үйдө жашайт экен. Мындай болбойт да. Маданият министрлиги эмнени карап отурат? Мен Назира Мамбетованын 70 жылдыгына карата батир берүүнү суранам. Бизде мамлекеттин жардамына муктаж болгон чыгаан инсандарыбыз арбын. Аларга көңүл бөлүшүбүз керек", — деди Карамушкина.

Ал аталган суранычын өкмөт башчы Сапар Исаковго да жолдой тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0