19:33 21 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3251
  • EUR79.3703
  • RUB1.0533
Кыргызстандык режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун Ата керээзи тасмасынан кадр. Архив

"Ата керээзи" Индияда өткөн эл аралык кино фестивалда мыкты аталды

© Фото / Дастан Жапар уулу
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
120 0 0

Тасмада өмүр темасы жана атанын керээзин абдан кыйынчылык менен орундаткан уулдун окуясы баяндалат

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстандык режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" тасмасы Индияда өткөн эл аралык Golden Triangle International Film Festival кинофестивалында мыкты аталды. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондусу билдирди.

Ага ылайык, маданий иш-чара Ориса штатынын Бхубанешвар шаарында 9-12-февралда өткөн.

Аталган тасма буга чейин да бир катар эл аралык фестивалдарда жеңишке жеткен. Анын ичинде былтыр ноябрда Барселонадагы кинофестивалда тасманын тартуучулары мыкты режиссер аталышкан.

"Ата керээзи" "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы менен "Элфильм" кинокомпаниясы тарабынан тартылган. Анда өлүм, өмүр темасы жана атанын керээзин абдан кыйынчылык менен орундаткан уулдун окуясы баяндалат.

Аталган тасма былтыр "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгында 8 номинацияда мыкты аталган.

Тема боюнча

"Ата керээзин" тарткандар Барселонада мыкты режиссер аталышты
"Ата керээзи" тасмасынын авторлору "Азия оскарынын" сыйлыгына көрсөтүлдү
Белгилер:
сыйлык, кино, тасма, "Ата керээзи" тасмасы, Индия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ