Майыштым, сынган жокмун! Дооронбек Садырбаевди эскерген кече өтөт

© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваНародный артист КР Дооронбек Садырбаев
Народный артист КР Дооронбек Садырбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскерүү кечесин улай эле Дооронбек Садырбаев атындагы кайрымдуулук фонд тарабынан чыгарылган "Даанышман" аттуу беш томдук китептин бет ачары болот.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Кыргыз Эл Баатыры, кинорежиссер, жазуучу Дооронбек Садырбаевдин элесине арналган кече уюштурулат. Бул тууралуу аталган китепканадан кабарлашты.

Иш-чараны улай эле Дооронбек Садырбаев атындагы кайрымдуулук фонд тарабынан чыгарылган "Даанышман" аттуу беш томдук китептин бет ачары болот. Китепте Алыкул Осмонов тууралуу романдан тарта Садырбаевдин аңгеме, макала, публикацияларына чейин камтылган.

"Беш томдуктун бет ачарынан тышкары "..Баш урдум, тагдырлыгың танган жокмун, Майыштым, бирок сынып калган жокмун…" аттуу жазуучу, кинорежиссердун жашоо сүртүмдөрүн чагылдырган сүрөт көргөзмөсү да өтөт", — деп жазылат маалыматта.

Китептеги калемсап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алмаш Чойбекова: Азаптуу сулуулук. Акындык тагдыр. Армандуу өлүм
Билдирүүдө эскерүү кечеси 13-февраль күнү 11:00дө башталары кошумчаланган.

Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал 1995-жылдан тартып көзү өткөнчө чейин (2008-жылын 28-май) Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты болгон.

Доор адамы Дооронбек Садырбаевдин сүрөттө калган элестерин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан көрө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0