Чолпон Талипбек: быйылкы жылды өзүмө гана арнайм

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы, Non stop тобунун экс-солисткасы Чолпон Талипбек маек учурунда
Ырчы, Non stop тобунун экс-солисткасы Чолпон Талипбек маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сегиз жылдан бери элге жагымдуу ырларды тартуулап келген Non stop дуэти тарап, Чолпон менен Максат өз алдынча чыгармачылыгын улантмай болушту. Аталган дуэт буга чейин 24 чыгарманы жарыкка чыгарып, үч жолу Кыргызстанда концерт берген.

Топтун экс-солисткасы Чолпон Талипбек Sputnik Кыргызстан агенттигинде маек куруп бул жылы жеңди түрүп чыгармачылыкка катуу киришкенин билдирди. Ошондой эле жылды жеке өзүнө арнап, жада калса жигиттер тууралуу ойлогонго да убакыт болбойт дейт.

— Non stop дуэти тарагандан кийин эле клип тарттырып, ага уда эле дагы бир ыр чыгардыңыз. Эс албай эле кайрадан чыгармачылыкка катуу кириштиңиз окшойт.

— Бул жыл мен үчүн өзгөчө башталды. Дуэт тарагандан кийин дароо эле ырга кириштим. Мен тынымсыз иштеп жүргөн режимге көнүп калыптырмын. Негизи ишиң көп болсо баарына жетишип, аз болсо жалкоолонуп отура берет экенсиң. Жакында эле "Ищу тебя" деген ырым жарыкка чыкты. Анын сөзүн, обонун Максат экөөбүз дуэт тарай электе эле жазганбыз. Ал эми клип тартууда сиңдим Медина режиссер, чогуу окугун досум Керим Касымалиев оператор болуп, анан экөөлөп монтажын жасашты. Клипке жакшы пикирлер айтылууда. Эмгегибиз текке кетпептир деп сүйүнүп отурам. Андан кийин Алина Жетигенова эжебиз аткарган "Көйрөң жигит" атуу ырын сурап аткарып чыктым. Ушул чыгарма сага жарашат, ырдабайсыңбы деген сунуштар түшкөн болчу. Учурда ага тартылчу клиптин сценарийин даярдап жатабыз.

— Эмнеге сизге жарашат экен? Көйрөң жигиттер тынчыңызды алып жатабы?

— Азыр көп нерсени бирөөгө көрсөтүү же Instagram баракчасына жүктөө үчүн эле жасап калышты. Кээде машыгуу залында сүрөткө түшүп эле кетип калган жигиттерди көрүп калам. Балким ушул ырды уккандан кийин ойлонуп калат деген ойдо ырдагым келди.

© Sputnik / Табылды КадырбековЧолпон Талипбек бул жылы жеңди түрүп чыгармачылыкка катуу киришкенин билдирди
Певица, бывшая участница группы Non stop Чолпон Талипбек - Sputnik Кыргызстан
Чолпон Талипбек бул жылы жеңди түрүп чыгармачылыкка катуу киришкенин билдирди

— Non stop дуэтинин тарап кетишине эмне себеп болду, келишимди узартсаңыздар болбойт беле?

— Башында үч жылга келишим түзгөнбүз. Андан кийин эки жылга, дагы үч жылга улантып жатып сегиз жыл бирге жүрүптүрбүз. Контракт бүтөөрдө командабыз менен кеңешип "пландаган нерсенин баарына жеттик, ойлонсок мындан ары да бир калыпта эле жүрө бергидейбиз, алдыга умтулуу болушу керек" деп өз алдынча иштөөнү чечтик. Бул топ биз үчүн чоң мектеп болуп берди. Сегиз жыл сегиз айдай эле өтүп кетти.

— Non stop дуэтинин жаңы курамына кастинг жарыяланганын уктум эле, тандалып бүттүбү?

— Кастинг онлайн түрүндө жүрүп жатат. Калоочулар азыр деле аткарган ырын "хочувнонстоп" хэштеги менен Instagram баракчасына жүктөп койсо болот.

© Фото / Керим КасымалиевЧолпон: Азыр көп нерсени бирөөгө көрсөтүү үчүн эле жасап калышты. Кээде машыгуу залында сүрөткө түшүп эле кетип калган жигиттерди көрүп калам
Певица, бывшая участница группы Non stop Чолпон Талипбек - Sputnik Кыргызстан
Чолпон: Азыр көп нерсени бирөөгө көрсөтүү үчүн эле жасап калышты. Кээде машыгуу залында сүрөткө түшүп эле кетип калган жигиттерди көрүп калам

— Сегиз жыл бою кайда барбаңыз жандаган адамыңыз жаныңда болчу. Мындан улам жалгыз иштөө кандай экен деп сурагым келди.

— Максат айткандай биз ырдын жарымын ырдаганга көнүп калганбыз. Эми 100 пайыз иштегенге аракет кылышыбыз керек. Азырынча сахнага жалгыз чыга элекмин, баары бир бирөөнү издегендей болуп башкача сезим байкалса керек деп жатам. Ал эми клип тартууда жалгыз экеним сезилген жок. Анткени сиңдилерим, досторум, жакындарым жардам берип колдоо көрсөтүп турушту. Сиңдим Медина мага менеджер болуп иштеп жатат.

— Буга чейин "Максат экөөңөр кыз-жигитсиңерби" деген суроо тынбай берилчү. Жакында эле Максат өзүнүн сүйүктүүсүн коомчулукка ачыктады. Көп берилчү суроодон кутулдуңуз окшойт.

— Ооба. Чын эле бир топ жеңилдей түштүм. Бирок азыр деле "Максат менен кыз-жигит эмес турбайсыңарбы. Анын сүйлөшкөн кызы бар экен да" деп таң калып сурай беришет. Буга чейин ар бир интервьюда "биз чыгармачылыкта гана бирге иштейбиз" деп тажабай айтып жүрдүк.

— Мындан сегиз жыл мурун сахнага жаңыдан кадам таштаган Чолпонду сүрөттөп бериңизчи?

Ала Тоо 24 каналынын атайын кабарчы жана алып баруучу Актилек Гүлжигит кызы - Sputnik Кыргызстан
Актилек Гүлжигит кызы: үч баланын энеси экениме карабай колумду сурагандар көп
— Кант шаарында жашаган томпойгон кичине кыз ырчы болууну кыялданып жүргөн. Финансист болом деп Бишкек финансы-экономикалык техникумуна тапшырып алган. Бир күнү "Супер star" деген сынак өтүп жатканын угуп катышкысы келген, бирок үй-бүлөсү "азыр эч нерсеге алаксыбай, окууңду бүтүрүшүң керек" деп каршы болуп коёт. Андан мурун бир жылдай КТРКда кадр сыртында иштеп, продюсер Канат Култаев менен таанышып калган. Андан жардам сураса, макул болуп кастингге кирүүгө билет берет. Кийинчерээк радиодон экинчи тур өтүп жатканын угуп калат да ызаланып уюштуруучуларга чалса, "эч ким чакырбаса демек өтпөй калдыңыз" деп жооп берген. Тырышчаак кыз "жакшылап караңыз, мен өткөм" деп кайра-кайра чалып тажата берет. Ал продюсер Алексей Сидоровго "бир кыз экинчи турга өттүм эле деп ызы-чуу салып жатат" десе "ушунун мүнөзү башкача экен, макул, келсин көрөлү" деп чакырткан. Ошентип экинчи турдан өтүп кетет да ошонун арты менен Non stop дуэти түзүлөт.

Экинчи турга чакырбаганынын себебин кийин билдим. Көрсө, менин анкетамды жоготуп алышкан экен. Антыктан эгер өз күчүңүзгө ишенсеңиз кыялыңызды ишке ашыруудан эч качан артка кайтпаңыз дээр элем. Азырга чейин Канат байке мага бактылуу билет берген деп сүйүнүп жүрөм. Ошол билетти бербесе азыр башка адам болмок белем… Көп тренинг, интервьюларга барганда жаш кыздар-балдардан эмне үчүн ырчы болууну самайсыңар деп сурасак 90 пайызы "атактуу, башкача айтканда, жылдыз болгубуз келет" дешет. Мен башында сахнада ырдасам деген гана изги тилек менен келгем.

— Ырчы болууну кыялданган кыз анан эмнеге финансист адистигине окуп калды?

— Бардык ата-эне балам кийин кантип жанын багат деп ойлонот экен да. Апам өзү да ушул кесиптин ээси болгондуктан, келечеги бар, ар жакта иштеп кете аласың деп окуткан. Менин кыялыма туура келбей турганын айтсам "алгач ушул окууну бүт, анан андан кийин өз эркиң" деген. Ал жакта да жакшы окуп кызыл диплом менен аяктадым. Таятам айткандай мунун пайдасы гонорар санаганда тийип жатат (күлүп). Андан кийин Искусство институтуна тапшырып телевидение, радио жана режиссура жаатында адистикке ээ болдум.

© Фото / Рафаэль МиннебаевЧолпон: Сыртымдан сүрдүү көрүнөт окшойм. Мырзалар сага сөз айтууга батына албай, кагып жибереби деп коркчумун деп көп айтышат
Певица, бывшая участница группы Non stop Чолпон Талипбек - Sputnik Кыргызстан
Чолпон: Сыртымдан сүрдүү көрүнөт окшойм. Мырзалар сага сөз айтууга батына албай, кагып жибереби деп коркчумун деп көп айтышат

— Чыгармачылык жеке жашооңузга тоскоол болду беле?

— Мен оюмдун бүт баарын жумушка коюп, жеке жашоо жөнүндө анча көп ойлонбоптурмун. Ырчыларга жеке жашоо куруу кыйыныраак болот да. Анын үстүнө мен жигит менен ырдадым, ошонун да таасири тийди. Кээде "жашың өтүп баратат, турмушка чык" деп айтышат. Эми ар нерсенин убактысы болот да.

— Жигит менен ырдадым деп калдыңыз. Сиздин кыялыңыздагы мырза Максатты жигити деп ойлоп артка бурулуп кетип калган учур болду беле?

— Мен сыртымдан сүрдүү көрүнөт окшойм. Сага сөз айтууга батына албай, кагып жибереби деп коркчумун деп көп айтышат. Анткен менен эгер катуу сүйгөн адам болсо бардык нерсенин жолун табат да (күлүп).

© Фото / Nurel РhotographyБул жылды чыгармачылыгыма, ден соолугума, жалпы жонунан алганда жеке өзүмө арнайын деп чечтим
Певица, бывшая участница группы Non stop Чолпон Талипбек - Sputnik Кыргызстан
Бул жылды чыгармачылыгыма, ден соолугума, жалпы жонунан алганда жеке өзүмө арнайын деп чечтим

— Быйыл өзүңүзчө болуп калдыңыз. Чакан мамлекетке кадам таштоого да убакыт келген чыгар?

— Бул жылды чыгармачылыгыма, ден соолугума, жалпы жонунан алганда жеке өзүмө арнайын деп чечтим. Азыр машыгуу залына, бий курстарына, вокалга барып жатам. Тилдерди да жакшы деңгээлде үйрөнүүгө бел байладым. Жеке жашоону ойлонууга убакыт жетишпей калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0