Акын Элмирбек Иманалиев поэзия кечесине чакырат

© Фото / из личного архива Элмирбека ИманалиеваИнтервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым
Интервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кече 23-февраль күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филамониянын кичи залында уюштурулат

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев поэзия кечесин өткөрөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине жаш калемгерлер тобунун мүчөсү Нуркыз Рыскул кызы билдирди.

Кече "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусу тарабынан 23-февраль күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филамониянын кичи залында уюштурулат.

"Буга чейин Элмирбек Иманалиевдин күйөрмандары акындын төкмөлүк өнөрүнөн, обондуу ырларынан ырахат алып келсе, бул ирет анын калемине таандык поэтикалык чыгармаларынан эргүү алып кайтышат", — деп жазылат маалыматта.

Ушул эле күнү акын Мирлан Самыйкожо жана калемгер кыздардын поэзия кечеси да болмокчу. Кирүү акысыз.

Акындар сүйүүгө туруксуз болобу? Жообун акын Зайырбек Ажыматовдун маегинен окуп алыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0