Кеттик театрга! Февраль айында кыргыз драма театрында коюлчу спектаклдер

© Sputnik / Владимир ВяткинДни культуры Кыргызстана в России
Дни культуры Кыргызстана в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спектаклдер көрүүчүлөргө 9-февралдан баштап тартуулана баштайт.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры февраль айында коюла турчу спектаклдердин тизмесин жарыялады.

Кыргыз тилиндеги спектаклдер көрүүчүлөргө 9-февралдан баштап тартуулана баштайт.

9-февраль, Юлия Дамскер "Күүгүм";

13-февраль, Жалил Садыков "Манастын уулу Семетей";

14-февраль, Токтоболот Абдымомунов "Абийир кечирбейт";

15-февраль, Чыңгыз Айтматов "Саманчынын жолу";

16-февраль, Азиз Несин "Торостук зөөкүр";

20-февраль, Кайрат Иманалиев "Керээз";

21-февраль, Кайрат Иманалиев "Коркут ата".

Аталган спектаклдердин ичинен "Күүгүм" чыгармасы гана 16:00дө башталып, калганы көрүүчүлөргө кечки саат 18:00дө сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0