Түрк драматургунун спектакли Бишкекте көрсөтүлөт

Жазылуу
Чыгармада кылым карытып ата-бабанын жерин жер кылып, бейиштей кооз жерде тоо боорунда жашаган бир ууч элдин турмушу баяндалат

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында 31-декабрда саат 17:00дө түрк драматургу Түнжер Жүженоглунун "Көчкү" аттуу спектакли көрөрмандарга тартууланат. Бул тууралуу театрдан билдиришти.

Чыгармада кылым карытып ата-бабанын жерин жер кылып, бейиштей кооз жерде тоо боорунда жашаган бир ууч элдин турмушу баяндалат.

Айсулу Токомбаева - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Токомбаеванын 70 жылдык мааракеси белгиленет
"Жылдын үч айын болуп көрбөгөндөй шаң менен өткөргөн эл калган тогуз ай үнсүз, сөзсүз, күтүү менен күн кечирет. Тогуз айга созулган кыш мезгилинде, катуураак чыккан добуштан тоо көчкүсү элди, бүтүн айылды басып калуусу мүмкүн. Коркуу сезими канына сиңип бүткөн эл доор карытып, өздөрү ойлоп таап алган тири укмуш мыйзамдар менен жашаарын көрө аласыздар. Бул чыгарма менен ар бир көрүүчү өзү үчүн, жан дүйнөсүн тыңшап, буулугуп жаткан үндөр бар экенин, ал үндөрдү да угуп, жан дүйнөнүн көңтөрүлүшүн жасоону сезе алышат", — деп айтылат маалыматта.

Кирүү акысыз. Ардактуу конок катары "Көчкү" пьесасынын автору Жүженоглунун келмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0