Кыргыз тасмалары Алматыда тартууланат

© Фото / Алишер АлиевСъемки фильма "Айыл кэмп"
Съемки фильма Айыл кэмп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21-февралда аталган шаардын кинотеатрларында "Айыл кэмп" жана "Бажарики-2" тасмалары эл сынына коюлмакчы

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргыз тасмалары Алматы шаарында көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, аталган ишти "Aizirek Media" чыгармачыл бирикмесинин жетекчиси Руслан Акматов Алматы шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Данияр Назаралиев менен кыргыз кино тармагын өнүктүрүү максатында уюштурууда.

"21-февралда аталган шаардын кинотеатрларында "Айыл кэмп" жана "Бажарики-2" тасмалары көрсөтүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Ассоциация Алматыдагы кыргыз диаспорасы ушул сыяктуу иш-чараларды биринчи жолу өткөрүп жатпагандыгын кошумчалап кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0