Балдарды чыныгы жашоого үндөгөн "Маскарапоз" тасмасы эл сынына коюлат

© Sputnik / Табылды КадырбековЦирк сахнасындары маскарапоз. Архив
Цирк сахнасындары маскарапоз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы ролдорду Жолдошбек Жанжигит уулу, Айзада Жамгырчиева жана Адилет Маннаев аткарган

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан тарта "Маскарапоз" аттуу балдар киносу элге тартууланат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине фильмдин сценаристи жана режиссёру Замир Жашасын уулу билдирди.

Фильмдин сценарийи үч айда жазылып бүтүп, 1-июндан тарта тартуу иштери башталган. Сюжетинде маскарапоз менен жаш баланын окуялары чагылдырылат.

"Бул тасманын максаты — жаш балдарды ар кандай интернет оюндарынан алыстатып реалдуу жашоого үндөө. Ошондуктан негизги идея балдарга жеңил жетүү үчүн маскарапоздун образы менен берүүнү туура көрдүк", — деди режиссер.

Съемки фильма Айыл кэмп - Sputnik Кыргызстан
Актер Жеңиш: "Айыл кэмп" тасмасы жаман адатымды оңдоду
Башкы ролдорду Жолдошбек Жанжигит уулу, Айзада Жамгырчиева жана Адилет Маннаев аткарган. Андан тышкары, Табылды Актанов, Илим Калмуратов, Жаңыл Бекбоева, Камчы Сарыбаев жана дагы бир катар жаш актёрлор роль жараткан.

Буга чейин балдар үчүн кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу "Жетикс" фантастикалык тасмасы жарык көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0