Кыргызстан байыркы шаар урандыларын сактап калууга Япониядан жардам сурады

© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура менен жолугушуу учурунда
Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөз Чүйдөгү байыркы эки шаар чалдыбарлары тууралуу болууда

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кыргызстан ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген шаар чалдыбарларды музей катары сактап калуу үчүн Япониядан кол кабыш кылууну суранды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

16-январда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура менен жолуккан.

Финальные соревнования по кок-бору к празднованию Нооруза на ипподроме в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү! Көк бөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди
Сөз Чүй облусунун Красная речка айылындагы Невакат жана Ак-Бешимдеги Суяб шаар чалдыбарлары тууралуу болууда. Шаар урандыларын музей катары сактап калуу туристтерди тартууга өбөлгө болору баса белгиленди.

Кемелова адамзаттын тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана сактоо багытында ЮНЕСКОнун алкагында кызматташууну өнүктүрүү керектигин белгиледи.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгын эл аралык уюмдун алкагында чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0