Элдияр Кененсаров: "Азия MIX" таланттуулар акча таба турган долбоор ачты

© Sputnik / Табылды КадырбековAзия MIX КВН командасынын капитаны Элдияр Кененсаровдун архивдик сүрөтү
Aзия MIX КВН командасынын капитаны Элдияр Кененсаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоорго Борбордук Азия гана эмес, Россиянын ичинен Якутия, Бурятия, Тува, Башкыртстан жана Татарстан катыша алат

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Февраль айынын биринен тарта "Азия MIX" КМШ өлкөлөрүнүн таланттуу ырчы, бийчи, вайнер, клипмейкер, скетчерлеринин башын бириктирген жаңы долбоорун баштайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына команданын капитаны Элдияр Кененсаров билдирди.

"КМШнын ичинде жашаган азиаттар арасында таланттуулар абдан көп. Биздин максат — алардын башын бириктирип, өз таланты менен киреше табууга жардам берүү", — деди Кененсаров.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков Асман шоусунун катышуучусу Мэлани Сариевага сыйлык тапшыруу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттиги "Асман" шоусунун катышуучусун сыйлады
Анын айтымында, долбоорго Борбордук Азия гана эмес, Россиянын ичинен Якутия, Бурятия, Тува, Башкыртстан, Татарстандан дагы каалоочулар катыша алат.

Долбоор алгачкы этабында "Мисс Азия MIX" (сулуулар сынагы), Видео-Баттл (вайнерлер жана скетчерлер таймашы), Азия Vision (ырчы, бийчи жана башка таланттар сынагы) деген бөлүктөрдөн турат.

Ар бири социалдык тармактар жана долбоордун расмий сайты аркылуу жүргүзүлөт. Катышуучулар маал-маалы менен видео тапшырмаларды аткарып, бири-бирине интернет аркылуу чакырык таштайт.

Аларга көрүүчүлөр добуш берип, арасынан мыкты деп үчтөн ("Мисс Азия MIX" сынагынан тышкары) жеңүүчү табышат. Видео-Баттл жана Азия Vision сынактарынын жеңүүчүлөрү жума сайын чыгарылса, Азия сулуусу бир айда бир жолу аныкталат.

"Айдын сулуусу болгон кыз 2 миң доллар, ырчы-чоорчу, вайнерлер 500 доллардан сыйлык алышат", — деп түшүндүрдү команда капитаны.

Съемки кыргызского мюзикла Дарак ыры - Sputnik Кыргызстан
Табияттын күчүн аңдай албаган Адам. "Дарак ыры" мюзиклинин авторлору менен маек
Кененсаров кошумчалагандай, бара-бара долбоордо "донат" системасы пайда болот. Бул көрүүчүгө жаккан конкурсант мыктылардын үч илтигине кирбей калса деле ага акчалай жардам берүүгө болот. Башкача айтканда, ар ким өзүнө жаккан өнөрпозго колунан келген суммадагы каражатты которо алат.

Жылдын аягында жыйынтыктоочу иш-чара уюштурулуп, финалда жеңгендерге 8,5-9 миң доллардан сыйлык берилет.

Айтмакчы, "Мисс Азия MIX" сынагынын жүзү өзбек ырчысы Ситора Фармонова. Ал эми вайнерлер таймашынан MC Doncha, Эльдана FourEyes сыяктуу жылдыздарды көрө алабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0