Марат Козукеевдин акыркы койгон "Керээз" спектаклинин премьерасы болот

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаслуженный актер Кыргызстана Марат Козукеев
Заслуженный актер Кыргызстана Марат Козукеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марат Козукеев 8-декабрда каза болгон

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык "Керээз" (Боромбай бий) спектаклинин премьерасы болот. Бул тууралуу театрдын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Нуркыз Рыскул кызы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

КРдин эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Театр бош калды! Актер Марат Козукеев тууралуу 7 факты
КР эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев сахналаштырган спектакль 18-кылымдагы кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхый инсаны Боромбай Бекмурат уулунун ой дүйнөсүн чагылдырат. Ошол кылымдагы туңгуюкка кептелген кыргыз элинин тарыхы жана андан чыгуунун жолдору Боромбай бийдин дүйнө таанымы, тунук ой сезими жана акыл парасаты аркылуу сүрөттөлөт. Айтылуу акын Арстанбекти Анжыяндан Ысык-Көлгө алып кеткени, кыргыздардын курултайы, Ормондун хан шайланышы, уруулардын пикир келишпестиктери, сырткы күчтөрдүн чабыштыруу саясаты, Россиянын курамына кошулуу саясаты сюжеттин негизин түзөт.

Маалыматка ылайык, премьера 23-24-25-январда өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0