Эмгекчил, чыгармачылыкка жанын берген Айчүрөк Иманалиева тууралуу 9 факты

© Фото / Арлен ОроскуловЗаслуженная артистка КР Айчурек Иманалиева
Заслуженная артистка КР Айчурек Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн КРдин эмгек сиңирген артисти, сахна ханышасы, жумурай журтка аттын кашкасындай таанымал инсан, кыргыз эстрадасынын чолпон жылдызы айтылуу Айчүрөк Иманалиеванын туулган күнү.

Айчүрөк Иманалиева 1968-жылы 12-январда Талас облусуна караштуу Талас районунун Калба айылында туулган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ырчынын өмүр таржымалын барактаган кызыктуу фактыларды сунуштайт.

1. Семетейдин Айчүрөгүнүн ысымын алган… Илгери Беш-Таш айылына борбордогу артисттер "Манас" эпосунан үзүндү коюп, үйүндөгүлөр Айчүрөк каармандын ысымын жактырып, болочок ырчыга ыйгарышкан. Иманалиеванын "кичинекей кезимде өзүмдүн атымдан уялып жүрдүм. Мен үчүн бул ысым кол жетпеген, сулуу, керемет сезилээр эле. Ушул убакытка чейин атымды татыктуу алып жүрүүгө аракет жасайм" деп айтканы бар.

© из семейного архива Айчурек ИманалиевойАйчүрөк Иманалиеванын окуучулук кези (оңдо)
Заслуженная артистка КР Айчурек Иманалиева(справа) - Sputnik Кыргызстан
Айчүрөк Иманалиеванын окуучулук кези (оңдо)

2. Чыгармачыл чөйрөгө капысынан келип калган эмес. Айчүрөк кичинекей кезинде ата-энеси ажырашып кетип, таене-таятасынын колунда тарбияланат. Таятасы Асылбек Иманалиев комузда кол ойноткон чебер болсо, таянеси Бермет Иманалиева нукура элдик ырларды, дастандарды айткан айым болгон. Өзүнүн апасы бир канча жыл филармонияда Эстебес Турсуналиевдин тобунда иштеген. Кийинчерээк автокырсыкка кабылып, үч жолу башына операция жасатып, оорудан улам көз жумган.

3. Билими. 8-классты айылдык мектебинде аяктагандан кийин борбордогу Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайга тапшырган. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын эки жылдык эстрада студиясын, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын "вокал" бөлүмүн жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган.

© Sputnik / Табылды КадырбековКР эигек сиңирген аристит Айчүрөк Иманалиева "Роза гүлү", "Кызыл гүл", "Тоо булагым — арманым" аттуу ырлар менен эл оозуна алынган
Заслуженная артистка КР Айчурек Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
КР эигек сиңирген аристит Айчүрөк Иманалиева "Роза гүлү", "Кызыл гүл", "Тоо булагым — арманым" аттуу ырлар менен эл оозуна алынган

4. Топ жарып чыккан учур. 1989-жылы "Ала-Тоо периси" сулуулар сынагына катышып, 12 кыздын ичинен 1-орунду алат. Ошол сынакта комуз менен ырдаганын көргөн "Жаштар" театрынын жетекчилиги жактырып жумушка чакырган. Эстрадалык топ түзүш керек деп композитор Тарас Асанакуновдун жетектеген тобуна ырчы болуп кирет. Дал ошол Асанакуновдун жазып берген "Роза гүлү" ыры хит болуп, эл оозуна алынган. "Жаштар" театрынан кеткенден кийин "Инсан" тобунда эмгектенип, "Кызыл гүл", "Тоо булагым – арманым" сыяктуу ырлары менен белгилүү болгон. Жарым жылга жетпей алгачкы жеке концертин берген. Эки жыл чогуу иштешкенден кийин "Инсан" тобунан чыгып, 1993-жылы "Айчүрөк" эстрада театрын ачып, жаш таланттарды тарбиялай баштаган.

Айнура Тургунбаева - Сакиш - Sputnik Кыргызстан
Сакиш 50 жашта! Актриса жана куудул Айнура Тургунбаева тууралуу 7 факты
5. Жетишкендиктери. Эгемендик алгандан бери кыргыз эстрада өкүлдөрүнөн алгачкы жолу 1996-жылы Нью-Йорк шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк эстрадалык фестивалга катышып келген. 1989-жылы Польшада өткөн "Алтын жалбырак" эл аралык конкурсунда биринчи орунду ээлеген. 1995, 1996, 2003-жылдары "Азия даусы" эл аралык фестивалынын ардактуу мейманы болуп, Белоруссияда өткөн "Славян базары" эл аралык сынагынын дипломанты, Украинадагы "Алтын скиф" эл аралык сынагынын лауреаты жана башка көптөгөн эл аралык жана республикалык конкурс-фестивалдардын жеңүүчүсү. Иманалиевага кыргыз-казак элдеринин маданий достугун бекемдегени үчүн Казакстандын элчиси Мухтар Шаханов "Алтын көпүрө" сыйлыгын тапшырган.

6. Устаттыгы. Учурда жаш таланттарды эл аралык сынактарга даярдоо менен өлкөнүн аброюн көтөрүп, дүйнөнүн чар тарабынан келген калыстар тобунун мүчөсүн толуктап келет. Төрт жыл ичинде шакирттери Чехия, Түркия, Россия жана башка мамлекеттерде өткөн сынактарда байгелүү орундарды алып келишкен. Анын ичинде эки баш байге, төрт ирет 1-орунду, эки жолу 2-орунду багындырышкан.

© Ороскулов АрленИманалиеванын шакирттери эл аралык сынактардан байгелүү кайтып келишет
Кыргызстан получил Гран-при и покорил сердца девушек Хакасии - Sputnik Кыргызстан
Иманалиеванын шакирттери эл аралык сынактардан байгелүү кайтып келишет

7. "Жар-жар" ырына экинчи дем берген. Азыр бул ырсыз бир дагы үлпөт той өтпөйт. 2000-жылы аталган чыгарманын авторунан уруксат алып, кечелерде ырдай баштаган.

8. Жеке жашоосу. 1993-жылы Улуттук каналдагы көрсөтүүлөрдүн биринен өмүрлүк жары Таалай Ороскулов менен таанышып, баш кошушкан. Ал кезде жолдошу "Пирамида" телеканалынын туңгуч диктору болчу. Жубайлар үч баланын ата-энеси. 29 жаштагы Арген, 19 жаштагы Арлен аттуу уулдары жана 12 жаштагы Аэлита аттуу кызы бар.

© Фото / Бакыт МейманбековЫрчы айымдын уул-кызы да ушул күнү жарыкка келишкен
Звезды тоже были детьми - Sputnik Кыргызстан
Ырчы айымдын уул-кызы да ушул күнү жарыкка келишкен

9. Туулган күндө күтүлбөгөн белек. Бүгүн жеке эле ырчы Айчүрөк Иманалиеванын эмес, балдары Арлен менен Аэлитанын да өздүк майрамы. Үчөө тең 12-январь күнү жарыкка келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0