Айтматов 90 жашта! Мааракелик иш-чаралар бүгүн башталат

© Фото / Александр ФедоровУлуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун архивдик сүрөтү
Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков катышат

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бүгүн Талас облусунда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын бет ачары өтөрүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, ачылыш аземине премьер-министр Сапар Исаков катышат.

"Өкмөт башчы Кара-Буура районунун Шекер айылында залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын ачылышына барат. Мындан тышкары, Талас мамлекеттик университетинин эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушат", — деп айтылат маалыматта.

Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы Талас облусунун Шекер айылында туулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0