"Түнкү кырсык" тасмасы Бангладеште өтчү кинофестивалга катышат

© Фото / пресс-служба Департамента кинематографии КРБелгилүү режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасынан кадр
Белгилүү режиссер Темир Бирназаровдун Түнкү кырсык тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Түнкү кырсык" тасмасы Таллин шаарында өткөн эл аралык "Темные ночи" кинофестивалында баш байге болгон 10 миң евро алган

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Белгилүү режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы Бангладеште өтө турган Дакка эл аралык кинофестивалында ат салыша турганын Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Иш-чара 2018-жылдын 12-20-январь күндөрү Дакка шаарында өтөт.

"Фестивалга кыргыз тасмасы менен катар "DAHA" (Түркия), "Любовь и Шукла" (Индия), "Письмо президенту" (Афганистан) сыяктуу тасмалар катышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, "Түнкү кырсык" тасмасы Таллин шаарында өткөн эл аралык "Темные ночи" кинофестивалында баш байгеге татып, 10 миң евро сыйлык алган. 

Фильмде жалгыз бой, учурда сүйүүнү башынан өткөрүп жаткан карыя тууралуу баяндалат. Ал кызга ашык болуп калат. Тасманын жүрүшү дал ушул сезимди ачып берүүгө арналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0