Келдибек, Балыкооз, Тыныбек манасчылар тууралуу даректүү тасма тартылууда

Жазылуу
Тасма үстүбүздөгү жылдын март-апрель айларында тартууланмакчы

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Келдибек, Балыкооз, Тыныбек, Сагынбай жана Мамбет манасчы тууралуу даректүү тасма тартылып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине "Ала-Тоо шаңы" коомдук фондусунун жетекчиси, белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, тасмада беш залкар манасчынын өмүр баяны, баскан жолу, манасчылык касиети тууралуу айтылмакчы.

"Келдибек, Балыкооз манасчылардын эч кандай сүрөтү, видео, аудиосу жок. Эл арасында уламыш болуп, айткан манасы ооздон оозго өтүп келген", — деди Сыдыков.

Ал тасма үстүбүздөгү жылдын март-апрель айларында тартуулана турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0