"Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык концерт 4 саатка созулат

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы жаңы жылдык концерт. Архив
Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык концерт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамдык концерт саат 00.00дө жыйынтыкталат

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Бүгүн өлкөнүн борбордук аянтында кечки саат 20.00дөн 00.00гө чейин жаңы жылдык концерт өтөт. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгынын жетекчиси Мисиралы Букеев билдирди.

Майрамдык иш-чара "Миң Кыял ФМ" радиосу менен биргеликте уюштурулган.

"Кечеге ата мекендик эстрада ырчылары келип обон созушат. Концерт жалпы жонунан төрт саатка чейин созулат. Иш-чаранын даярдыктарына аябай көп эмгек жумшалды. Андыктан шаар тургундары менен конокторду "Ала-Тоо" аянтына келип көңүл ачып кетүүгө чакырабыз", — деди Букеев.

Белгилей кетсек, Бишкекте жаңы жыл түнү коомдук транспорт саат бирге чейин иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0