Дүйнөнү дүңгүрөткөн тасмалар, ЮНЕСКОго кирген көк бөрү. Маданиятта не кеп болду

© Sputnik / Табылды КадырбековII Всемирные игры кочевников. День пятый. Финал по кок-бору
II Всемирные игры кочевников. День пятый. Финал по кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип 2017-жыл да соңуна чыгып баратат. Өлкөдө саясий, экономикалык өзгөрүүлөр болгону менен маданият тармагы өз нугунда. Узап бараткан жыл "Ыйман, адеп жана маданият" жылы деп жарыяланып, түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп, чыгармачыл адамдар чет жактарга өлкө атын таанытып кайтты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги узап бараткан жылдын маданий жыйынтыгын чыгарды.

Эл аралык фестивалдардан калбаган кыргыз тасмалары

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Ата керээзи" тасмасы быйыл "Азия оскарынын" сыйлыгына көрсөтүлүп, жаратуучулары Барселонада мыкты режиссер аталышты
Президент Алмазбек Атамбаев встретился с создателями фильма Завещание отца - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" тасмасы быйыл "Азия оскарынын" сыйлыгына көрсөтүлүп, жаратуучулары Барселонада мыкты режиссер аталышты
Быйыл кыргыз кинорежиссерлорунун бир топ тасмалары эл аралык фестивалдарга катышып, байгелүү орундарды багынтты. Былтыркы жылы Монреалдагы "А" класстагы эл аралык фестивалда "Мыкты дебюттук фильм" наамын алып, баш байге "Алтын Зенитти" утуп алган Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" тасмасын быйыл да ийгилик коштоду. Тасма "Азия оскарынын" сыйлыгына көрсөтүлүп, жаратуучулар Барселонада мыкты режиссер аталышты.

Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы болсо Таллин шаарында өткөн эл аралык "Темные ночи" кинофестивалында баш байгени багынтып, жүрөк кубантты.

Режиссер Актан Арым Кубат тарткан "Кентавр" тасмасы чет өлкөлөрдө мыкты тасма болуп, Берлинде CICAE сыйлыгын алып, Бельгияда өткөн фестивалда баш байгени жеңген. Өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасма Кыргызстандын атынан Оскар сыйлыгына да көрсөтүлгөн.

Кино чөйрөсүндө дагы эсте калган жаңылык Эрнест Абдыжапаров жараткан "Саякбай" көркөм фильми болду. Тарыхта калчу тасма "Алтын глобус" сыйлыгынын узун тизмесине кирди.

Кино чөйрөсүндөгү алгылыктуу иштер

Лос-Анжелесте кинорежиссер жана Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген III Аsian World Film Festival (AWFF) кинофестивалы өттү. Үчүнчү ирет өткөрүлүп жаткан кинофестивалга Голливуд жылдызы Анжелина Жоли келип катышкан

12-15-декабрга чейин Бишкекте ар жылы өтүүчү "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кинофестивалы болду.

Ошондой эле балдар жана өспүрүмдөр арасындагы "Карек" кинофестивалы уюштурулду. Экинчи жолу өткөрүлүп жаткан фестивалга 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар катышып, анда 15 тасма ат салышкан.

Борбор калаага кыргыздын маңдайына бир жолу жанган кино чөйрөсүнүн залкары Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги тургузулду. Айкел Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишине орнотулуп, анын ачылышына өкмөт башчы баштаган аткаминерлер жана маданият өкүлдөрү катышкан. 

Жаңы майрам, кызыл күн

Жогорку Кеӊеш 7-8-ноябрды "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү" катары белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды. Мыйзамга ылайык эми кыргызстандыктар быйылкы жылдан баштап бул күндөрү майрамдап эс алмай болду.

Манас

Саякбай Каралаевдин вариантындагы "Манас" китеби 5000 нускада басып чыгарылды. Китепти чыгарууга мурунку президент Алмазбек Атамбаев көмөктөшкөн.

30га чукул манасчы быйыл да күпүлдөп 7 күн, 7 түн манас айтып, бири-бирин улаган жомокчулар улуу баянды саймедиреди. 

© Фото / Facebook / Temirlan Sarlykbek UuluТүркиянын Стамбул шаарына орнотулган "Манастын" айкели
Установка памятника Манасу в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Түркиянын Стамбул шаарына орнотулган "Манастын" айкели

Август айында Түркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Халич аймагындагы Сүтлүже паркына "Манастын" айкели орнотулду. Баатырдын эстелигин Токталы Мурзакаримов, Садабек Ажиев, Сейитбек Калбаев жана башка чыгармачыл адамдар жасаган.

Быйыл залкар манасчы Жусуп Мамайдын өмүр жолун жана чыгармачылыгын баяндагын китеп жарык көрдү. Аны манасчынын чөбөрөсү Тургунаалы Турсунаалы уулу жазган.

Мааракелер

Ал ортодо маданиятка эмгеги сиңген залкар инсандарыбыз эскерилди.

Улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгы белгиленип, ага карата ар түрдүү маданий иш-чаралар, илимий конференциялар уюштурулду. Кочкордо Манас айтуу уюштурулду. Бирок 150 жылдыгын мамелкеттик деңгээлде белгилөө кийинки жылга калды.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кант арзандап, бензин кымбаттады. Жыл ичинде Кыргызстанда жашоо кандай өзгөрдү?
Ноябрь айында Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында ССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Сайра Кийизбаеванын 100 жылдыгына карата эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Декабрдын башында акын-сатирик, драматург жана котормочу Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгы улуттук филармонияда салтанаттуу түрдө белгиленди.

Кыргыз Эл артисти, комузчу Нурак Абдрахмановдун 70 жылдыгына арналган концерт уюштурулуп, жаш комузчулар арасында атайын сынак жарыяланды.

Ошондой эле Нарын театры 80 жылдык мааракесин өткөрдү.

Өзгөчө фестивалдар, иш-чаралар

© Фото / пресс-служба ассоциации "Дордой"Ысык-Көлдүн Бостери айылында ачылган 1000 кишиге ылайыкталган "Nomad" аталышындагы амфитеатр
Открытие амфитеатра Nomad в селе Бостери Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн Бостери айылында ачылган 1000 кишиге ылайыкталган "Nomad" аталышындагы амфитеатр
Быйыл жайдын саратанында Чуңкурчак капчыгайында "Чуңкурчак көчү — 2017" фестивалы болду. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин каада-салты, көчмөн турмушунун өзгөчөлүктөрү чагылдырылып, кыргыз көчү көрсөтүлгөн. Көчмөн демекчи, Ысык-Көлдүн Бостери айылында 1000 кишиге ылайыкталган көчмөндөрдүн стилинде курулган "Nomad" аталышындагы амфитеатр ачылды.

Өлкөдө биринчи жолу ички туризмди өнүктүрүү максатында кымыз жана туризм фестивалы белгиленди.

Жылдагыдай Нооруз, Эгемендүүлүк майрамдары "Ала-Тоо" аянтында жогорку деңгээлде белгиленип, майрамга карата "Ак кула" ат майданында салт болуп калгандай ат оюндары уюштурулду.

Ири иш-чаралардын ичине дүйнө элдеринин эпосторунун IV Бүткүл дүйнөлүк фестивалын кошсо болот. Фестивалдын алкагында улуттук каада-салтты чагылдырган "Кыргыз көчү" аталышындагы этнографиялык көргөзмө жана "Мыкты кыргыз боз үйү" сынагы өттү. Иш-чарага дүйнөгө белгилүү пан-флейтист Лео Рохас чакырылып, ал кыргыз элине өз өнөрүн тартуулады.

Жетишкендиктер

Кыргыздардын көк бөрү оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилип, элибизди кубанычка бөлөдү.

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин "Топон" романы Швецияда өткөн эл аралык адабий конкурста биринчи орунду алса, Sputnik Кыргызстан агенттиги жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романынын аудио версиясын чыгарып, окурмандарга ыңгайлуу шарт түзүп берди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0