"Манас" кинотеатрында өзбек режиссерлорунун тасмалары көрсөтүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПоказ фильма "Ата" в кинотеатре "Манас" в Бишкеке
Показ фильма Ата в кинотеатре Манас в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага Өзбекстандан атайын делегация учуп келет

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бишкектеги "Манас" кинотеатрында 27-декабрда "Пролог" Улуттук кинофестивалынын катышуучуларынын мыкты тасмалары көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондусунан билдиришти.

Ага ылайык, аталган кинофестиваль 27-30-ноябрда Ташкент шаарында өткөн.

Аталган иш-чарага катышуу үчүн өзбек кинематографисттери Бишкекке келишет. Алардын ичинде Жаш кинематографисттер кеңешинин төрагасы Ойбек Абдушукуров, Кинематографияны өнүктүрүү борборунун аткаруучу директору Маруфжон Мухтаров жана "Өзбеккино" улуттук агенттиги башкармалыгынын жетекчиси Баходир Мухаммедов бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0