Москва шаарына 28 млн. сомго Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулат

© Sputnik / Фред Гринберг / Медиабанкка өтүүЗалкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эстелик жазуучунун аты берилген скверге коюлат

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министрлиги Москва шаарына улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу үчүн тендер жарыялады. Конкурстун талаптары мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.

Кыргызский писатель, герой Кыргызской Республики Чингиз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Чөп чапкан, ой баскан, ат минген Айтматов. Жазуучунун эл көрө элек сүрөттөрү
Эстелик Москва шаарынын Түштүк административдик округундагы Даниловский районунда жайгашкан жазуучунун аты берилген скверге коюлат.

Жалпысынан бул максатка бюджеттен 28 миллион сом каралган. Анын бир бөлүгү аймакты жакшыртууга жумшалат.

Эки гектардан ашык жерди ээлеген скверге 2015-жылы жазуучунун аты берилген.

Улуу жазуучунун эстелигин орнотуу иш-чаралары 2018-жылы Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө салтанатынын алкагында ишке ашууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0