Абдылас Малдыбаев менен Токтогул Сатылгановдун небереси Молдожан. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт

Белгилүү композитор Абдылас Малдыбаев менен Токтогул Сатылгановдун небереси Молдожан Токтогуловтун сүрөтү 1965-жылы Фрунзе шаарында тартылып алынган.

Ортодо отурган СССРдин эл артисти Малдыбаев жана комуз кармап турган бала — белгилүү акындын небереси Молдожан.

Ошол кезеңди учурда 64 жаштагы Молдожан Токтогулов мындайча эскерет:

"Мектепте 4-5-класста окуп жүргөн кез болуш керек. Ал маалда ата-энем менен Токтогул районунда жашачумун. Түрдүү сынактарга катышып Фрунзе шаарына чейин келчүбүз. Себеби мен алты жашымда эле комуз чертип эл алдына чыга баштагам. Ал эми Абдылас ата жөнүндө айтсам ал жумшак адам болгон. Кийин ал кишинин баласы менен бир мектепте чогуу окуп калып, анын үйүнө ойноп көп барчубуз", — деп эскерет Токтогулов.

Молдожан Токтогулов 30 жылдан ашык теле тармагында эмгектенген. Учурда пенсияга чыгып борбор калаада жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0