Кыргызстандык бийчилер катышкан Asia's Got Talent сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

© Sputnik / Ксения ВоронинаКыргызстандык Adem Dance тобу. Архив
Кыргызстандык Adem Dance тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык топ эң мыкты алты финалисттин катарына кирди

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандык Adem Dance тобу катышып жаткан Asia's Got Talent шоусунун жеңүүчүлөрү аныкталды.

Сынактын экинчи сезонунун жеңүүчүлөрү калыстардын жана көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү менен аныкталды. Баш байгеге коюлган 100 миң доллар үчүн сегиз финалист ат салышты.

Сыйлык индонезиялык "Каргыш тийген Рианна" деген каймана аты бар катышуучуга буюрду. Ал көрүүчүлөрдү өзүнүн магиялык номерлери менен таң кылтырган.

Экинчи орунга Филиппинден барган DMX Comvalenoz бий тобу татыды. Үчүнчү орун бумбокс стилинде бийлеген Нейл Рей Гарсиага тийди.

Кыргызстандык топ эң мыкты алты финалисттин катарына кирди.

Кыргызстандык Adem Dance тобу аталган сынакка катышып, алгач Mortal Combat оюнунун стилиндеги бийи менен көпчүлүккө жаккан. Андан соң бийчилер музейге кирген уурулардын образын жаратышкан.

Asia's Got Talent — америкалык America's Got Talent сынагынын аналогу. Ал 15 Азия мамлекеттеринин арасында өткөрүлөт. Шоунун сыйлык фондусу 100 миң долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0