Кудалашпайт, эсептешпейт. Туугандар ортосунда 7 "болбойт"

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүФестиваль народного и прикладного искусства "Кыргыз Шырдагы"
Фестиваль народного и прикладного искусства Кыргыз Шырдагы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эли каны бир болсо, жаныбыз да бир деп тууган-урук менен дайыма сый мамилени, ынтымакты сактоого аракет кылган. "Үйүндө көптү талаада бирөө урбайт" деп тууганынын көп болушун тилеген. Жакшылык-жамандыкта дал ушул туугандар тикеси менен тик туруп колдоо көрсөтүп турат.

Фестиваль кочевников в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Кызым, кызыл тузум!.. Ата менен кыз баланын ортосундагы 7 "болбойт"
"Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жат болот" дегендей туугандар ортосунда мамилени ыдыратып албаш үчүн кыргыздын айрым тыюуларын эске ала жүрүү керек. Аларды SputnikК ыргызстан агенттигине Сокулук районунун Кара-Сакал айылынын 78 жаштагы тургуну Сайрагүл Осмонкулова айтып берди.

Араздашпайт. Тууган-урук ортосунда ынтымак, сый-урмат бекем болгон жакшы. Болор-болбос нерсе үчүн урушуп, талашып, араздашып алуудан абайлаш керек. Себеби түбүң бирге, далай ирет бири-бириңе кез келесиң.

Эсептешпейт. Берген нерсесин милдет кылып, эсептешкен тууган ортосундагы ынтымакты ыдыратышы мүмкүн. Тууган жакшылыкты унутпайт.

Кудалашпайт. Тууган-урук ортосунда кыз алышып-беришкен туура эмес. Элибиздек "каны бир адамдар баш кошпойт" деп коет.

Алыстап кетпейт. Тууган-туушкан менен алаканы үзүп албайын десеңиз катышып, кабар алып туруу оң.

Кыйышпайт. Канчалык жаман-жакшы көрүнүп, ортону суук сөз аралап кеткен күндө да туугандар бири-бирин жамандыкка кыйбайт. Башка мүшкүл иш түшкөндө же маңдайың жарыла кубанып турганда да алгач бир бооруң келип, колунан келген жардамын берет. Кайгырсаң сени менен кошо күйөт, кубансаң сүйүнүчүңө ортоктош болот.

Регионы Кыргызстана. Ошская область - Sputnik Кыргызстан
Алмашпайт! Баш кийимге карата 7 "болбойт"
Чакырыктан калбайт. Туугандардын той-ашына колдон келсе калбай барган жакшы. "Салынуу кашык" деген кыргызда жакшы сөз бар. Кийин сиздин да башыңызга жакшылык-жамандык келет. Жеңилин жерден, оорун колдон алып турчу ошолор болот эмеспи.

Эшик бек болбойт. Тууган үчүн эч качан эшик жабык болбош керек. Кокустан алыстан келип калса, колдон келген тамак-ашты берип, сыйлаган жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0