11:36 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү

Катардагы кыргыз элчилиги Айтматовду аздектегендерге адабий кече өткөрдү

© Sputnik / Юрий Иванов
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
68 0 0

КРдин Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев кеченин конокторуна Айтматов ааламынын өзгөчөлүгү, анын дүйнө адабиятына кошкон салымы туурасында айтып берди

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Катардын Доха шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата үлкөн талантка арналган адабий эскерүү кечеси болду. Бул туурасында КРдин Катардагы элчилигинен кабарлашты.

Айтматовдун талантын урматтагандар Катардагы Француз институтуна чогулуп, анын "Жамиля", "Ак кеме", "Гүлсарат" повесттерин талкуулап, чыгармадан алган таасирлери менен бөлүштү. Андан сырткары, эскерүүгө келген чет элдик конокторго алп жазуучунун чыгармачылыгы, таланты, инсандыгы тууралуу даярдалган слайд көрсөтүлүп, чыгармалары боюнча тартылган кинотасмалардын үзүндү тартууланды.

КРдин Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев кеченин конокторуна Айтматов ааламынын өзгөчөлүгү, анын дүйнө адабиятына кошкон салымы жана башка тилдерге жасалган котормолору боюнча кеңири айтып берди.

Тема боюнча

Москвада Айтматовдун чыгармачылыгына арналган адабий кече өтөт
Чыңгыз Айтматов — өмүр баяны
Белгилер:
эскерүү, кече, адабият, Чыңгыз Айтматов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ