Канададагы Самара Токтакунова, Рейна Чокоева. 50 жыл мурунку таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Праздник велосипеда - Sputnik Кыргызстан
Дасторкон үстүндөгү Болот Шамшиев жана Айтурган Темирова. Таберик сүрөт
Кыргызстандык артисттердин сүрөтү 1967-жылы Канадада тартылган. Ошол жылы жакта бүткүл дүйнөлүк көргөзмө өтүп, ага дүйнөнүн 60тан ашык мамлекетинен 50 миллиондон ашык адам барган. Эл аралык деңгээлдеги иш-чарага ата мекендик маданият кызматкерлери дагы барып, эки жумага жакын концерт койгон.

Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, төртүнчүсү — балерина Рейна Чокоева, бешинчи — ырчы Ирина Деркембаева, алтынчы — Самара Токтакунова. Экинчи катарда солдон биринчи турган композитор Насыр Давлесов, экинчи — балетмейстер Берик Алымбаев, акыркы турган — ырчы Асек Жумабаев.

Ал кезеңди Кыргыз ССРинин эл артисти Рейна Чокоева мындайча эскерет.

"Биз капитализм деген эмне экенин Канадага барганда билгенбиз. Бардыгы жеке менчик, жада калса көпүрөдөн өткөнүбүз үчүн бир доллардан акча төлөгөнбүз. Мындай абалды көрүп мекенибизге кайтканча шашканбыз. Ал эми маданий жагын айтсам, биз Торонто, Монреаль шаарларында концерт коюп, эл бизди абдан жакшы кабыл алган", — деп эскерет Чокоева.

Ошол учурда өлкө атынан барган ырчы, бийчи, комузчулардын көпчүлүгү жаш болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0