21:40 19 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.0539
  • RUB1.0807
Жазуучу. Архив

Декабрдын ортосунда жаш акындардын кечеси өтөт

© Sputnik / Михаил Маркив
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
46 0 0

Буга чейин эки акындын ыр жыйнактары чыгып, окурмандар арасынан өзүнүн күйөрмандарын тапкан

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Декабрдын ортосунда жаш акындар Калича Жакыпова жана Жылдызбек Турсунбаевдин чыгармачылыгына арналган поэзия кечеси өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Калича Жакыпова кесиби боюнча суу инженери. Азыркы тапта Кыргыз агрардык университетинде аспирантурада окуп, "Кыргызсуудолбоор" мамлекеттик ишканасында инженер-долборлоочу болуп эмгектенет. Алгачкы ырларын 12-13 жашынан баштап жаза баштаган.

Жылдызбек Турсунбаев алгачкы ырларын 14 жашынан тарта жазган. Ырларында көбүнчө публицистикалык темаларга кайрылганды жактырат. Манасчылык жана сөзмөрдүк өнөрү боюнча республикалык бир нече таймаштардын баш байгесин багындырган.

Буга чейин эки акындын ыр жыйнактары чыгып, окурмандар арасынан өзүнүн күйөрмандарын тапкан.

Ыр кече 2017-жылдын 15-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын кичи залында өтөт.

Тема боюнча

Жумагулов: мамсыйлыктар аткаруучулардан мурда жаратуучуларга берилиши керек
Белгилер:
жыйнак, ыр, кече, акын, поэзия

ЭҢ МААНИЛҮҮ