Жумагулов: мамсыйлыктар аткаруучулардан мурда жаратуучуларга берилиши керек

© Sputnik / Расул УсеналиевМаданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун архивдик сүрөтү
Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлык ыйгаруу жоболору жаңыртылып чыккан соң, аны менен каалаган адам интернет аркылуу таанышууга мүмкүндүк түзүлөт

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарууга жаңыча көз караш керектигин Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов коллегияда билдиргенин мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Министр мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууда чыгарманы жазгандар, жараткандар унутта калып жатканын баса белгилеген.

"Маданият жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарды аймактардагы кызматкерлерге, аткаруучулардан мурда жаратуучуларга ыйгаруу зарыл", — деди Жумагулов.

Сахнадагы ырчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сыйдан кетирген сыйлык. Мамлекеттик наамдын ызы-чуусу качан токтойт?
Анын айтымында, жер-жерлердеги китепкана, музей, музыкалык окуу жайлардын кызматкерлери, ошондой эле кол өнөрчүлөр, комуз чапкан усталар, зергерлер унутта калган.

Коллегияда сыйлыктарды ыйгаруу жол-жоболору мындан ары ачык-айкын жүрөрү белгиленди. Сыйлык ыйгаруу жоболору жаңыртылып чыккан соң, аны менен каалаган адам интернет аркылуу таанышууга мүмкүндүк түзүлөт.

Эске салсак, буга чейин маданият кызматкерлерине тапшырылган мамлекеттик сыйлыктар калыс берилбей жатканы айтылып, коом арасында бир топ нааразычылыктарды жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0