Керемет үн! Дүйнөлүк операдан фольклорго чейин катыра ырдаган Айзана

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Асман" теледолбоорунун катышуучусу Айзана Усупбаева
Асман теледолбоорунун катышуучусу Айзана Усупбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарындагы орто мектептердин биринде 11-класста билим алган Айзана Усупбаева азыр КТРКдагы "Асман" теледолбооруна катышып, өнөрү, үнү менен калыстар тобун таң калтырууда.

Операдан фольклорго чейинки музыкалык чыгармаларды ийине жеткире ырдаган окуучу кызды Sputnik Кыргызстан агенттиги конокко чакырды.

— "Асман" теледолбооруна кандайча катышып калдың?

— Социалдык тармакта долбоордун жарнамасын көрүп калып, дароо ата-энеме айттым. Себеби мен көптөн бери өзүмдүн күчүмдү сынап көрөйүн деп жүргөм. Атам, апам да "жок" дебеди.

— Кастингге көп киши келдиби?

— Башында абдан көп катышуучу болчу. Алардын арасынан 78 адам тандалып алынган. Ошентип иргелип отуруп азыр финалда алты эле катышуучу калдык.

— Финалга жетүү сен үчүн кыйын болгон жокпу же өз күчүңө ишендиң беле?

— Толкунданам, себеби атаандаштар дагы күчтүү. Жеңсем деген тилегим бар.

— Аябай жакшы ырдайт экенсиң. Музыкалык билимиң барбы?

— Учурда Военно-Антоновка мектеп гимназиясында 11-класста окуйм. Ошондой эле быйыл №2 балдар музыкалык мектебин аяктадым. Вокалдан Светлана Купрянова жана Рафаэль Сарлыков деген мугалимдерден сабак алам.

— Окууну бүтөйүн деп калыптырсың. Мындан аркы пландарың кандай? Ыр сага хобби эле эмеспи?

— Кайсы кесипти тандай турганым боюнча азыр бир жыйынтыкка келе элекмин. Бирок жан дүйнөм музыкага тарта берет. Өзүм классикалык ырларды угуп, көп ырдайм. Бирок фольклор, эстрада, айтор, баарын алып кеткенге аракет кылам.

— Буга чейин да сынактарга катышчу белең?

— Ооба, "Сары-Өзөн чолпондору", "Дельфи оюндары" сынактарына катышып келгем. "Асман" — мен катышып жаткан алгачкы теледолбоор.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйзана Усупбаева: ырчы болуш үчүн бир гана үн эмес, артисттик өнөр да керек эмеспи. Менде үн болгон менен кичине артистизм азыраак экен
Участница проекта Асман на КТРК Айзана Усупбаева - Sputnik Кыргызстан
Айзана Усупбаева: ырчы болуш үчүн бир гана үн эмес, артисттик өнөр да керек эмеспи. Менде үн болгон менен кичине артистизм азыраак экен

— Калыстар тобу сага кандай баа берип, эмне кемчиликтериңди айтып жатат?

— Ырчы болуш үчүн бир гана үн эмес, артисттик өнөр да керек эмеспи. Менде үн болгон менен кичине артистизм азыраак экен. Калыстар тобу ошол жагынан иште деп айтышты. Мен да буюрса жакшы жыйынтык көргөзүүгө аракет кылып жатам.

КТРК телеканалындагы Асман вокалдык теледолбоорун катышуучусу Расул Исаков - Sputnik Кыргызстан
"Асман" долбоорунун катышуучусу Расул: араба түртүп, лимонад сатчумун
— Ата-энең кандай кабыл алууда?

— Алар менин эң биринчи колдоочуларым. Апам мурда бухгалтер, атам юрист болсо да музыканы абдан жакшы көрүшөт. Элдин ата-энеси "ырчы болбойсуң" десе, менин атам менен апам "ырчы эле бол" дешет.

— Үй-бүлөңөрдө сен эле чыгармачылык менен алектенесиңби?

— Кичине кезибизде байкем менен эжем Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке барып, эжем скрипач, байкем барабанда ойночу. Кийин алар музыкадан тажаштыбы, айтор, бул өнөрлөрүн таштап салышкан. Менден ырчы чыкпайт деле болуш керек деп ата-энем 5 жашымда "Жаш кыял" бий ансамблине бериптир. Ошол жакта бийлеп жүрүп, ритм, ыргакты өздөштүрө баштагам. Кийин 13 жашымда мектепте вокал сабагына барып, ал жерден Светлана Купрянова деген эжейим "сенин үнүң абдан жакшы экен, сенден бирдеме чыгат" деп мени өзүнө алган.

— Чыгармачылыкта кумир тутуп, ырларын баалап уккан ырчылар ким?

— Ар кандай жанрлардагы ырларды укканга аракет кылам. Мисалы, опера жаатында мага Анна Нетрепко, Андреа Бочеллинин ырдаганы жакса, поп жаатында Уитни Хьюстон, Селин Диондорду баалайм.

— Азыр ырчылар өздөрүн соцтармак аркылуу да таанытып жатышат. Сенде мындай ойлор жокпу?

— Ошол нерсени ойлойм, бирок убакыт болбой калат же дагы бир себептер менен ишке ашпай калып жатат. Бирок кандайдыр бир каверлерди жаратып, күйөрман топтосом деген ниетим бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0