Бишкекте 200 киши катышкан "KYRGYZ-2017" флешмобу өтөт

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOVII международном фестивале "Кыргыз шырдагы" в Ат-Башинском районе
VII международном фестивале Кыргыз шырдагы в Ат-Башинском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага 200 адам катышары айтылды

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте улуттук баалуулуктарга арналган "KYRGYZ-2017" аттуу флешмоб өтөрүн "Кийиз дүйнө" коомдук фондусунан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Иш-чара калаадашы соода борборлорунун биринде "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу, "Устатшакирт" салттуу музыка борбору жана "Макал Арт" студиясынын уюштуруусу менен өткөрүлөт.

"Флешмобдун негизги максаты — коомчулукка кыргыз маданиятынын кенендигин жана тереңдигин көрсөтүү. Биз жаш муунга улуттук баалуулуктарыбыздын келип чыгуу тарыхын, философиясын, маанисин түшүндүрүшүбүз керек. Ошондо гана аларды сактап кала алабыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чарага 200 адам катышары айтылды.

"Кийиз дүйнө" — 2010-жылдан бери кыргыздын салттык жана маданий баалуулуктарын сактоо жана кайра жаратуу менен алектенген коомдук фонд.

Жаңылыктар түрмөгү
0