Алмашпайт! Баш кийимге карата 7 "болбойт"

© Sputnik / Исмаил МамытовРегионы Кыргызстана. Ошская область
Регионы Кыргызстана. Ошская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызда баш кийимден өткөн кымбат нерсе жок. Ар бир улуттун өзүнүн салтына, жашоо-шартына ылайыкташкан баш кийими болот. Кыргыз элинде эркектер калпак, тебетей, малакай, топу кийсе, аялдар элечек оронуп, шөкүлө, кеп такыя кийип, жоолук салынган.

Баш кийимге элибиз эзелтен эле аяр мамиле жасап келгендиктен Sputnik Кыргызстан агенттиги этнопедогог Абдыкерим Муратовдун жардамы менен ага карата болбой турган нерселерди тизмектеп чыкты.

Плов дарядоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казанды теппейт, үбөлүктү тике койбойт. Идиш-аякка карата 10 "болбойт"
Баш кийимди тетири каратып, тескери кийбейт. Муну улуулар ишиң оңолбой калат деп түшүндүргөн.

Баш кийим менен бирөөгө тап бербейт. Аны менен бирөөнү уруп, сабаган да болбойт. Баш кийимдин анты болот деген эл арасында ишеним жашайт.

Белекке бербейт, сатпайт. Өзү кийип жүргөн баш кийим эскирип калса, баласына же тууганына берип коет. Аны таштандыга да ыргыткан туура эмес. Андай эле колдонуудан чыгып калса өрттөп салганыңыз дурус.

Алмашып кийбейт, жоготпойт. Колдон келсе баш кийимди жоготпогонго аракет кылыңыз. Муну элибиз жамандыкка жоруйт.

Баш кийимди жазданбайт. Ошондой эле аны босогого илип, аяк жакка таштаган да туура эмес. Колдон келсе өйдө жакка коюш керек.

Тегеретпейт, тепсебейт. Тебетей, элечек сыяктуу тегерек баш кийимдерди тегеретип ойногон да болбойт.

Баш кийимди ыргытпайт. Аны чечкенде ар кай жерге ыргытып койбой, аздектеп ордуна илип коюу керек. Баш кийимди ыргытсаң үйүңөн кут качат деген сөз бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0