18:38 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Маданият

Дасторкон үстүндөгү Болот Шамшиев жана Айтурган Темирова. Таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (81)
110801
Праздник велосипеда
© Sputnik / Фред Гринберг

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт

Ачык асман алдында, жайыл досторкон четинде отургандардын сүрөтү 1972-жылы Чүй облусундагы Таш-Башат айылында тартылган. Оң жактан биринчи болуп отурган белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев, ортодо "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасында роль жараткан Күмөн аксакал, анын байбичеси жана жаш актриса Айтурган Темирова.

Ошол жылы Болот Шамшиев "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасын жаңы эле бүтүп, "Сүйүү жаңырыгы", "Ак кеме" фильмдеринин үстүндө иштей баштаган.

СССРдин эл артисти Шамшиевдин айтымында, сүрөттөгү адамдардын үйүндө бир фильмдин сценарийи жазылган.

"Кыргыздар башынан эле меймандос калк да. Биз тууган эмес экенибизге карабай Күмөн аталар менен жакшы мамиледе болчубуз. Ошол адамдардын үйүндө бир тасмамдын сценарийи иштелип чыккан. Эсимде 1972-жылдын июнь же июль айлары болчу", — деп эскерет сүрөт тууралуу Шамшиев.

31 жаштагы Болот Шамшиев ал учурда бир тасмага сценарий жазып, бир фильмде башкы роль жаратып, бир нече тасманын режиссеру болгонго жетишкен.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (81)

Тема боюнча

Сыр билги замандаштар Тоголок Молдо менен Жамбыл Жабаев. Таберик сүрөт
Жайлоодо жаркылдаган акын Майрамкан Абылкасымова. Таберик сүрөт
Москвада жарым кылым илгери шаңшып жаткан Асек Жумабаев. Таберик сүрөт
Белгилер:
архив, Сүрөт, Айтурган Темирова, Болот Шамшиев, Кыргызстан

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ