Кайрат Примбердиев Атамбаевдин "Күзгү вальс" аттуу ырын аткарды

Жазылуу
Ырчы Кайрат Примбердиев сөзү жана обону экс-президент Алмазбек Атамбаевге таандык "Күзгү вальс" ырын аткарып чыкты.

Чыгарма жалпы журтка Примбердиевдин аткаруусунда бүгүн тартууланганын ырчынын менеджери жана жубайы Элвира Примбердиева билдирди.

"Ырды бүгүн элге тартууладык. Эми ага клип тартылабы-жопу азырынча эч нерсе айта албайбыз", — деди Примбердиева.

Ырчы өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу экс-президентке "мааниси терең чыгармасын" ишенип бергендиги үчүн ыраазычылык билдирген.

Ырчы мурдараак  Атамбаевдин "Рита" аттуу чыгармасын аткарып, клип да тарттырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0