Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Расул Рахманалиев: апамдын көңүлү деп финансист болгом, эми өзүм үчүн окуп жатам

© Фото / Хан АйбашевВедущий утренней программы на ТВ, диджей Расул Рахманалиев
Ведущий утренней программы на ТВ, диджей Расул Рахманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адатта кесип ээлери алгач бир адистик боюнча билим алган соң жумушка орношот. Бүгүнкү каарман, тескерисинче, 10 жылдай телерадио жаатында иштегенден кийин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине баш баккан.

Таң эрте "ЭлТР" телеканалынын "Кутман таң" программасын алып барып, күн бою "Элfm" радиосунда элдин көңүл чордонунда болуп келген ди-джей жана алып баруучу Расул Рахманалиев менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков маектешти.

— Телерадио тармагында иштеп жүрүп кайра журналистикага тапшырганыңыз кызык экен, же убагында студент болбой калдыңыз беле?..

— Жок. Мен алгач Ош технологиялык университетинин "Финансы жана насыя" факультетин аяктагам. Учурда кайрадан Ош мамлекеттик университетинин "Кыргыз филологиясы жана журналистика" факультетинин 3-курсунда окуп жатам. Карьералык өсүшкө чоң жардамы болоор деген ниетте дипломдуу журналист болгум келди. 

© Фото / Хан АйбашевДиджей жана алып баруучу Расул Рахманалиев: атам мен чыгармачыл адам болсун деп көп аракет кылган. "Айлык албасаң мейли, жок дегенде таанышың көп болсун" дечү. Себеби атам өтө таланттуу киши
Ведущий утренней программы на ТВ, диджей Расул Рахманалиев - Sputnik Кыргызстан
Диджей жана алып баруучу Расул Рахманалиев: атам мен чыгармачыл адам болсун деп көп аракет кылган. "Айлык албасаң мейли, жок дегенде таанышың көп болсун" дечү. Себеби атам өтө таланттуу киши

— Мындан улам ата-энеңиз чыгармачылык чөйрөнү тандашыңызга каршы болгонбу деген ой жаралууда…

Шоумен и телеведущий Нурсултан Майназаров - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Майназаров: Аравияда жоголуп кеткем, мени эч ким деле издебептир
— Атам мени чыгармачыл адам болсун деп көп аракет кылган. "Айлык албасаң мейли, жок дегенде таанышың көп болсун" дечү. Себеби атам өтө таланттуу киши. Аккордеондо, пианинодо жана гитарада мыкты ойнойт. Ырдап калганым да ал кишинин колдоосу менен болгон. Ал эми апам "аппак көйнөк кийип банкта иште" дегенинен "Финансы жана насыя" факультетине тапшыргам. Чынын айтсам, бул тармакта апамдын көңүлү үчүн окугам десем болот. Бирок бир күн да банкта иштеген эмесмин.

— Телерадионун эшигине качан кадам таштадыңыз эле?

— Камера менен микрофон дүйнөсүнө келгениме быйыл 11 жыл болуптур. Мектепти аяктагандан бери эле ушул тармакта жүрөм. Мени "Элfm" радиосуна акын жана бул радиону түптөгөндөрдүн бири ыраматылык устатым Медер Осмоналиев алып келген. Башында мага Ошто радио ачканын айтып "иштейсиңби" дегенде дароо макул болгом. Анда Бишкекте жашачубуз. Түйүнчөгүмдү түйүп алып досторума, сүйлөшкөн кызыма да айтпастан кетип калгам. Ата-энеме мен алыска аттангандай сезилген окшойт, ошондо апамдын шолоктоп ыйлаганы азыркыга чейин эсимде. Ал эми "ЭлТР" телеканалына 2009-жылы кастинг аркылуу келгем. Андан көп өтпөй "Замана" студиясына баргам. 

© Фото / Хан АйбашевРасул Рахманалиев: камера менен микрофон дүйнөсүнө келгениме быйыл 11 жыл болуптур. Мектепти аяктагандан бери эле ушул тармакта жүрөм
Ведущий утренней программы на ТВ, диджей Расул Рахманалиев - Sputnik Кыргызстан
Расул Рахманалиев: камера менен микрофон дүйнөсүнө келгениме быйыл 11 жыл болуптур. Мектепти аяктагандан бери эле ушул тармакта жүрөм

— Жакында эле "эртең мененки программалардын айрым алып баруучуларында өң, түс, дикция, ой чабыт, сөз байлык дегенден ныпым жок. Телеканалдарда мурункудай кастинг жоюлуп эфирдин эшиги баарына эле ачылып калдыбы?" деген постту социалдык тармактан окуп калдым. Сиз буга эмне дейт элеңиз?

— Алгач жеке өзүм тууралуу айтсам. Мен тааныш аркылуу же атасы колунан жетелеп келгендердин катарында эмесмин. Балким андайлар бардыр… Ошентип келгендер муну менен алсыздыгын көрсөтүшү мүмкүн. Өзүмдү укмушмун дебейм, бирок кайсы учур болбосун ар бир алып баруучу теленин негизги талабы делген өң-келбети менен сөз байлыгына кам көрүшү керек. Мен да ушул талаптарды сактоого күнүгө аракет кылам.

Кутман таң ардактуулар! Тунук ой,жакшы тилектер орундалсын!Жаңы күн шыдыр өтсүн!

Публикация от Рахманалиев Расул (@rasulrahmanaliev) Авг 13 2017 в 6:16 PDT

— Көңүл ачуучу программалар шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен көркүнө чыгат эмеспи. Ырчы-чоорчунун көбү Бишкекте. Конок чакыруу жагынан маселе жаралбайбы?

— Муну менен эфирибиз аксап калат дегенден алысмын. Экинчи борборубузда деле таланттар көбөйүп баратат. Азыр Бишкектеги ырчылар Ошко тез-тез каттап калышкан. Айрымдары келээр алдында мага кабарлап коюшат.

Жогорку Кеңештин парламентинин маалымат кызматында кабарчы, алып баруучу Жылдыз Жолдошбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жолдошбаева: аялдардын көбү айтпайт, бирок жалгыз бой эне болуу кыйын
— Ал арада өзүңүз да ырдап, клиптерди тартырып жүрөсүз?

— Музыкалык билим алгам, нота эмне экенин билем, бирок өзүмдү ырчымын деп эсептей албайм. Бул жөн гана кызыгуу. Буга чейин көңүлүмө жаккан ырларды өзүм үчүн гана жаздырып аткарып келгем. Кээ бирине досторум клип тартып беришкен. Аларды теледен кетирип, артынан чуркаган эмесмин. Эми ырчылыкка да катуу киришейин деп жатам.

— Телерадионун айлык маянасы үй-бүлө багууга жетеби?

— Бизде "иштесең тиштейсиң" дегендей. Канча көп иштесең ошончо табасың. Барга каниет, жокко аракет деп Кудайга шүгүр дейм. Жумуштан сырткары кээде той-мааракелерге тамадалык кылам. Тапканым үй-бүлөмдү бардык жагынан камсыздаганга жетет.

Буюрса биз "үчүнчү"наристебизди күтүп жатабыз.#Жашоо#үйбүлө😊🌱

Публикация от Рахманалиев Расул (@rasulrahmanaliev) Сен 6 2017 в 6:25 PDT

— Келинчегиңизди да күйөрмандарыңыздын арасынан кезиктирген эмессизби?

— Келинчегимдин аты Роза, Жалал-Абаддын кызы болот. Экөөбүз тойдон таанышканбыз. Эки жылдан ашык сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Башында ал менин радиодо иштеримди билчү эмес. Андан күнүгө мени таңкы саат 6да ойготуп турушун сурангам. Эмнеге дегенде эртең менен эрте туруп чуркайм деп жагынгам. Кийин байкабай эфирге барам деп айтып алып ди-джей экеним билинип калган. Учурда Оомат жана Элдос аттуу эки уулубузду тарбиялап, үчүнчү наристебизди күтүп жатабыз. Роза кесиби боюнча экономист.

😊👍💖💖💖💖

Публикация от Рахманалиев Расул (@rasulrahmanaliev) Апр 8 2017 в 10:18 PDT

— Маегибиздин жыйынтыктоочу суроосу киндик кан тамган жериңиз жана ата-энеңиз туурасында болсун?

НТС телеканалынын диктору Мирзат Муканов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Диктор Мирзат Муканов: белгилүү адамдардын күйөө баласы болом деп ойлогон эмесмин
— Мен Кыргызстанга өрүгү менен таанымал болгон Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Чек айылында туулгам. Ал жакта 4-класска чейин окуп, андан соң Бишкекке көчүп келгенбиз. Эмнегедир айылдын быкшып чыккан түтүнү да бал жыттанат дегендей, айылда жашагым келет. Телерадио тармагы Баткенде да өнүгүп жатат. Балким, кийинчерээк өрүкзарлуу аймакта эмгектенип калаармын. Атам көп жыл айдоочу болуп эмгектенген. Апам үй кожейкеси. Учурда экөө тең ардактуу эс алууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0