"Кентавр" тасмасы Японияда прокатка чыгат

© Фото / Эркин БолжуровКыргызский фильм "Кентавр" режиссера Актана Арым Кубата
Кыргызский фильм Кентавр режиссера Актана Арым Кубата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалда Азия менен дүйнөнүн эң креативдүү тасмалары көрсөтүлгөн

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Токиодо өткөн эл аралык Tokyo Filmex фестивалында көрсөтүлдү. Бул тууралуу тасманын продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Анын айтымында, фестивалда Азия менен дүйнөнүн эң креативдүү тасмалары көрөрмандарга тартууланган.

"Bitters End аттуу дистрибьютордук компаниянын берген маалыматы боюнча, "Кентавр" тасмасы 2018-жылдын 17-мартында Япониянын 30дан ашык шаарына прокатка чыгарылат. Эң биринчи прокаттык көрсөтүү Токиодогу байыркы Iwanami Hall кинотеатрында көрсөтүлөрүн компаниянын жетекчиси Юджи Садай билдирди", — деди Койчуманова.

Япониянын аудиториясы Актан Арым Кубаттын эмгектери менен буга чейин эле тааныш. "Бешкемпир", "Маймыл" жана "Свет аке" тасмалары Япониянын бир катар кинотеатрларынан көрсөтүлгөн.

Tokyo Filmex фестивалы — 2000-жылы Япониянын белгилүү актеру жана продюсери Такеши Китано тарабынан негизделген.

Жаңылыктар түрмөгү
0