"Манас" эпосу немис тилинде жарык көрдү

© Sputnik / Нургуль МаксутоваМанас эпосу. Архив
Манас эпосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германияда белгилүү немис жана орус окумуштуусу Вильгельм Радловдун версиясындагы "Манас" эпосу немис тилинде жарык көрдү

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Германиядагы элчилиги немис тилине которулган "Манас" эпосунун бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү манасчы Рыспай Исаков маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Радио
Исаков: буюрса "Манас" эпосу боюнча мультфильм тартылат
Иш-чара КР президентинин Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө боюнча чыгарган жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жасалган. Китеп келген конокторго жана илимпоздорго өзүнүн мазмуну жана тереңдиги менен абдан таасир калтырган.

Маалыматта "Манас" эпосу белгилүү немис жана орус окумуштуу-изилдөөчү, лингвист жана түрколог Вильгельм Радловдун версиясы боюнча которулуп басылганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0