Чубак Сатаевдин туулуп-өскөн айылына анын эстелиги тургузулду

© Фото / Кубаныч СатаевБелгилүү аткаруучу Чубак Сатаевдин эстелиги. Архив
Белгилүү аткаруучу Чубак Сатаевдин эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айкелдин расмий ачылышы жазында Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында болот

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Белгилүү аткаруучу Чубак Сатаевдин эстелиги Таласка тургузулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маркумдун уулу Кубанычбек Сатаев билдирди.

Анын айтымында, эстеликтин расмий ачылышы жазында болот.

"Атамдын айкели маданият үйүнүн алдына коюлду. Аны жергиликтүү бийлик менен туугандары чогу тургузду. Буюрса расмий ачылышы жазында болот. Ага чейин ал жакка жаңы эмеректерди алып келип, чакан музей ачабыз", —деди Кубанычбек Сатаев.

Айкел Чубак Сатаевдин туулуп-өскөн Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылына тургузулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0