"Азия MIX" Москва мэринин кубогу үчүн ат салышат

© Фото / Сергей АндриановИнтервью с игроком КВН команды "Азия MIX" Ситорой Фармоновой
Интервью с игроком КВН команды Азия MIX Ситорой Фармоновой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык команда КВНдин Жогорку лигасынын учурдагы чемпиону

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. "Азия MIX" командасы Москва мэринин кубогу үчүн ат салыша турганы аталган клубдун эл аралык бирикмесинин сайтына жарыяланды.

Интервью с игроком КВН команды Азия MIX Ситорой Фармоновой - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" менен РУДН командалары Германияга гастролдойт
КВНдин Жогорку лигасынын учурдагы чемпиону болгон кыргызстандык команда менен Балдар КВНинин курама командасы, "Будем дружить семьями" (Москва), "Русская дорога" (Армавир), "Горизонт" (Москва), РУДН курама командасы, "Наполеон Динамит" (Тюмень), "Приказ 390" (Россия), "Триод жана Диод" (Смоленск), Чечен республикасынын курама командасы жана "Борцы" (Сургут) командасы күч сынашат.

Маалыматта оюн 23-ноябрда "КВН планетасы" имаратынын сахнасында өтөт. Учурда командалар даярдык көрүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0