БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик "Ак Марал" бий ансамблинин чоң программадагы концерти уюштурулат. Бул тууралуу филармониянын адабий бөлүмүнүн башчысы Улан Зайнидин уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады.
Анын айтымында, концерт Ыйман, адеп жана маданият жылына карата 27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда саат 18:30да башталат.
Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты "Ак Марал" ансамбли филармониянын алдында 1936-жылы балетмейстер Н.С.Холфиндин жетечилиги менен чакан бий ансамбли катары уюшулган. 1988-жылы топ "Ак Марал" деп аталып, 1991-жылы балетмейстер Нурдин Түгөловдун ысымын алган.