23:13 17 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Китеп. Архивдик сүрөт

Бишкекте "Молдо Кылыч" китеби жарык көрдү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
12710

Быйыл улуу акын Молдо Кылычтын туулгандыгына 150, дүйнөдөн өткөнүнө 100 жыл болду

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү кыргыз элинин туңгуч жазма акыны Молдо Кылыч Шамыкан уулунун 150 жылдыгына карата жарык көргөн "Молдо Кылыч" китебинин бет ачары болот. Бул тууралуу Мамлекеттик тил комиссиясынан билдиришти.

"Китеп президенттик аппараттын тапшырмасы менен жарык көрдү. Анда казалдар, изилдөөлөр жана макалалар камтылып, миң нуска менен чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы китеп коомчулукка Жусуп Баласагын атындагы КУУда уюштурулган "Молдо Кылыч — улуу акын, даанышман ойчул" аталышындагы илимий конференцияда тартууланат.

Тема боюнча

Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романындагы каармандар
"Сынган кылыч", Төлөгөн Касымбеков — аудио китеп
Белгилер:
бет ачар, китеп

ЭҢ МААНИЛҮҮ