БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов Кувейттин администрация жетекчиси, министр-шейх Насер Сабах Аль-Ахмад Аль-Сабах менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, тараптар кыргыз-кувейт мамилелери жана бардык мүмкүн болгон тармактар боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашкан.
Ошондой эле Шейх Насер III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу ниети бар экенин билдирген.