Аспап үнү шаң салат! Карамолдо Орозов атындагы оркестрдин 80 жылдыгы белгиленет

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүНовогоднее музыкальное представление "Щелкунчик"
Новогоднее музыкальное представление Щелкунчик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданий иш-чара 18-ноябрда кечки саат 18:30да башталмакчы.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл-аспаптар оркестри чоң программадагы концерт берет. Бул тууралуу улуттук филармониянын адабий бөлүмүнүн башчысы Улан Зайнидин уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады.

Анын айтымында, концерт эл-аспаптар ансамблинин 80 жылдык мааракесине карата Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

"Мааракеде элдик күүлөр, улуттук жана чет элдик композиторлордун чыгармалары аткарылып, калк сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчылар кубулжута обон созушат", — деди Зайнидин уулу.

Маданий иш-чара 18-ноябрда кечки саат 18:30да башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0