"Сүйүүдөн кумар тарабайт". Жаңы китептин бет ачары өтөт

Жазылуу
Көргөзмөгө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданияттын, илимдин кызматкерлери, ЖМК өкүлдөрү катышат

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте акын жана котормочу Ташмат Арыковдун "Эл деген кары-жашка кеңеш берет, эл деген океандай элес берет" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана "Сүйүүдөн кумар тарабайт" китебинин бет ачары болот. Бул тууралуу иш-чара өтө турган Улуттук китепканадан билдиришти.

"Көргөзмөгө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданияттын, илимдин кызматкерлери, ЖМК өкүлдөрү катышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Акын Ташмат Арыков Москва районундагы Кош-Дөбө айылында туулган. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Анын ырлары басма сөз беттеринде жарыяланган.

Ал Гомердин, Рудакинин, Саадинин, Жаминин, Шафинин, Есениндин, Хикметтин, Гамзатовдун, Каримдин, Кугультиновдун айрым ырларын кыргыз тилине которгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0