Кыргыздар Катардын чөлүнө боз үй тигип конок күтөт. Жеринен алынган сүрөттөр

© Фото / Жылдызбек МузуратбековКатардын Доха шаарына кыргыздын боз үйлөрү тигилди
Катардын Доха шаарына кыргыздын боз үйлөрү тигилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катардын Доха шаарына 10 боз үй тигилип, үч-төрт ай бою кыргыз жерлери менен маданияты даңазаланат

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Катардын Доха шаарына кыргыздын боз үйлөрү тигилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине демилгени алып чыккан ишкананын директору Жылдызбек Музуратбеков билдирди.

© Фото / Жылдызбек МузуратбековКатардын Доха шаарына кыргыздын боз үйлөрү тигилди
Катардын Доха шаарына кыргыздын боз үйлөрү тигилди - Sputnik Кыргызстан
1/4
Катардын Доха шаарына кыргыздын боз үйлөрү тигилди
© Фото / Жылдызбек МузуратбековКалаадагы ири магистралдык жолдун боюна 10 боз үй тигүү пландалган
Калаадагы ири магистралдык жолдун боюна 10 боз үй тигүү пландалган - Sputnik Кыргызстан
2/4
Калаадагы ири магистралдык жолдун боюна 10 боз үй тигүү пландалган
© Фото / Жылдызбек МузуратбековУчурда боз үйлөрдүн бешөө тигилип даяр болду, калганы Бишкектен жөнөтүлүүдө
Учурда боз үйлөрдүн бешөө тигилип даяр болду, калганы Бишкектен жөнөтүлүүдө - Sputnik Кыргызстан
3/4
Учурда боз үйлөрдүн бешөө тигилип даяр болду, калганы Бишкектен жөнөтүлүүдө
© Фото / Жылдызбек МузуратбековАр биринин бул жактан жасалып Дохага жеткенге чейинки баасы 170-180 миң сомду түзүүдө.
Ар биринин бул жактан жасалып Дохага жеткенге чейинки баасы 170-180 миң сомду түзүүдө. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Ар биринин бул жактан жасалып Дохага жеткенге чейинки баасы 170-180 миң сомду түзүүдө.
1/4
Катардын Доха шаарына кыргыздын боз үйлөрү тигилди
2/4
Калаадагы ири магистралдык жолдун боюна 10 боз үй тигүү пландалган
3/4
Учурда боз үйлөрдүн бешөө тигилип даяр болду, калганы Бишкектен жөнөтүлүүдө
4/4
Ар биринин бул жактан жасалып Дохага жеткенге чейинки баасы 170-180 миң сомду түзүүдө.

Анын айтымында, калаадагы ири магистралдык жолдун боюна 10 боз үй тигүү пландалган. Учурда боз үйлөрдүн бешөө тигилип даяр болду, калганы Бишкектен жөнөтүлүүдө.

"Катарлыктар жыл сайын ушул маалда көлдүн жегиндеги салкын жайга барып чатырларын тигип, улуттук майрамдарын өткөрүшөт. Ар тараптан туристтер келип иш-чара үч-төрт айга созулат. Ал жерге тигилген боз үйлөрдүн ичине экран коюп Кыргызстан тууралуу роликтерди көрсөтөбүз. Максатыбыз — өлкөбүздү таанытып, туристтерди тартуу болуп саналат", — деди ал.

Ошондой эле ал иш-чарага араб өлкөлөрү гана катышып, чет жаткан бир гана Кыргызстан бара турганын белгилеп өттү.

Германиянын Берлин шаарында биомедицина боюнча Кыргызстандык мугалим Айзада Учугенова - Sputnik Кыргызстан
Берлинге боз үй тиккен Айзада: күйөөм немис, бирок кыргыз тарыхын менден кыйын билет
"Жыгачтан жана темирдан жасалган боз үйлөрдү алып барып жатабыз. Ар биринин бул жактан жасалып Дохага жеткенге чейинки баасы 170-180 миң сомду түзүүдө. Мындан сырткары, агро продукцияларды, улуттук буюм-тайымдарды дагы алып барабыз. Боз үйлөр да сатыкка коюлат. Бирок бааларын азырынча тактай элекпиз. Биздин продукцияларга кызыккандар көп болууда", — деди Музуратбеков.

Иш-чаранын расмий ачылышы 21-ноябрда болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0