Шоу-бизнес жылдыздарын учурган "Тамашоу" лигасы тууралуу 5 факты

© Фото / Эржан Кадырбеков "Тамашоу" командасы оюн учурунда. Архив
Тамашоу командасы оюн учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-ноябрь КВНдин эл аралык күнү. Учурда шоу-бизнес айдыңында алып баруучулукту, ырчылыкты, актерлукту аркалагандардын көбү "Тамашоу" лигасынан чыккан балдар экендиги маалым.

Долбоор 9 жылдык ишмердүүлүгүндө 100гө жакын команданы уясынан учуруп, бүгүнкү күндө 10-сезонуна жеткен убак.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Тамашоу" лигасы тууралуу 5 факты сунуштайт.

© Фото / Эржан Кадырбеков"Тамашоу" жаштар лигасынын президенти, негиздөөчүсү жана алып баруучусу — Эрмек Нурбаев
Ведущий Эрмек Нурбаев  - Sputnik Кыргызстан
"Тамашоу" жаштар лигасынын президенти, негиздөөчүсү жана алып баруучусу — Эрмек Нурбаев

Знаменитый актер, участник сборной Тамашоу Бакыт Осмонканов - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Осмонканов: "Оскар" сыйлыгынын номинациясына илинүүгө максат койдум
1. Идея кайдан келген? "Тамашоу" жаштар лигасын ачуу идеясы 2005-жылы жаралган. Буга чейин орус тилинде өтүп келген КВНден кийин "Тамашоунун" негиздөөчүсү Эрмек Нурбаевдин кыргыз тилинде ойносок деген тилеги күч эле. Ошол кезде Нурбаев "Браво" теледолбоорунун алып баруучусу, КВН чемпиону болчу. Нурбаев жана "Тамашоунун" азыркы редактору Арслан Ибрагимовдун ою бир жерден чыгып, лиганы ачууга белсенип киришет. Маркетинг, анализ, документтерди тууралоо жагынан Тилек Нурбаев жардам берген. Тилди өнүктүрүү максаты коюлгандыктан командага Нурзат Токтосунова чакырылган.

2. Эмнеге "Тамашоу"? Нурбаевдин айтымында, долбоорду ишке киргизүүдө эн чоң колдоочусу, анын таякеси — Кыргызстандын биринчи коргоо министри, генерал-майор Жаныбек Үмөталиев болчу. Нурбаев лиганын атын коюу үчүн таякесине күн сайын 10-15 ашык ой сунуштаганын айтат. Акыры тамаша менен шоуну ширетип, "Тамашоу" деген аталышты алып чыгышкан. Тилекке каршы, таякеси биринчи сезондун жабылышына күбө болуп, эртеси, 30-май күнү, дүйнө салган.

© Фото / Эржан Кадырбеков "Тамашоу" лигасынын 3-сезонунун чемпиону "Ак-Өргө City" командасы
Юмористическое шоу Тамашоу - Sputnik Кыргызстан
"Тамашоу" лигасынын 3-сезонунун чемпиону "Ак-Өргө City" командасы

3. Логотибин ким ойлоп тапкан? 2008-жылы жайында "Новый формат" дизайнерлик студиясынын жетекчиси Медер Койлубаев менен биргеликте жөнөкөй быйтыкчага кыргыздын калпагын баса кийгизишкен. Нурбаевдин бул идеясын таякеси Үмөталиев "орус колобогу кыргыз калпагын кийиши — КВНдин кыргызча сүйлөй башташы" деп баалаган.

Ак-Өргө City командасында ойноп Акылайдын образын мыкты жараткан Самат Эркинбеков - Sputnik Кыргызстан
Тамашоучу "Акылай" — Самат Эркинбеков: кайрылгандарга ийне сайып да берем
4. "Тамашоу" долбоорунда бир нече лига бар. Кыргызстандын аймактарында дагы долбоордун филиалдары иштейт. Жогорку лига — "Тамашоунун" эң башкы лигасы болуп эсептелет. Жогорку лиганын чемпиондору "Тамашоу" долбоорунун чемпиону болуп эсептелинет. Алып баруучусу Эрмек Нурбаев, ал эми командалардын оюнун калыстар, тагыраагы, өлкөнүн белгилүү адамдары: ырчы, музыкант, спортчу, жазуучу, актёр, шоумен, ишкер, режиссёр жана башкалар баалашат.

© Фото / Эржан КадырбековКыраан каткырыкка түшкөн белгилүү футболчу Азамат Байматов
Юмористическое шоу Тамашоу - Sputnik Кыргызстан
Кыраан каткырыкка түшкөн белгилүү футболчу Азамат Байматов

5. Учурдагы эмгек жамааты. Жалпысынан жети штаттык кызматкер эмгектенет. Оюндарга чукул 15-20 адамдын башы биригет. Президенти, негиздөөчүсү жана алып баруучусу — Эрмек Нурбаев, редактору — Арслан Ибрагимов. Административдик иштерди Замира Жээренчиева аткарат, долбоордун алдыңкы беш сезонунда Нурлан Жаныбеков эмгектенген. Долбоордун фото, видео, монтаж иштерин Азык Абдрахманов алып барат. Администраторлор — Таттыбүбү Садырбекова жана Шамшидин кызы Нургүл.

Жаңылыктар түрмөгү
0