Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Түркиянын Малатия шаарына сапар алат

© Фото / Эркин БолжуровБелгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасынан кадр. Архив
Белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын Кентавр тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кинофестивалга Кыргызстандан эки тасма катышмакчы

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Түркиянын Малатия шаарында өтө турган эл аралык кинофестивалда ат салыша турганын Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Кинорежиссер жана Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделип быйыл үчүнчү ирет өтүп жаткан Аsian World Film Festival (AWFF) кинофестивалына Голливуд жылдызы Анжелина Жоли келип катышты - Sputnik Кыргызстан
Садык Шер-Нияз Анжелина Жолини Көчмөндөр оюнуна чакырды. Жолугушуунун сүрөт, видеосу
Маалыматка ылайык, Malatya International Film Festival аталышындагы маданий иш-чара 9-16-ноябрга белгиленген. "Кентавр" фестивалдын "Чет элдик тасма" номинациясына сунушталган.

Ал эми сынактын алкагында өтүүчү "Кыскаметраждуу чет элдик тасма" конкурсуна Зирегүл Кубандык кызынын "Түнкү конок" фильми катышаары күтүлүп жатат.

Malatya International Film Festival — ири байге фондусу бар толук жана кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы. Жеңүүчүлөргө "Кристалл өрүк" статуэткасы ыйгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0