23:06 01 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
62 0 0

Директүү тасмалар боюнча режиссердук курстун өзү 2017-жылдын март айынан баштап июнь айына чейин өткөрүлгөн

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. "Азия чыгармачыл айымдары" фонду тарабынан уюштурулган жаш режиссерлор курсу аяктап, бүгүнтөн тарта бүтүрүүчүлөрдүн эмгектери тартууланганы турат. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Даректүү тасмалар боюнча режиссердук курстун өзү 2017-жылдын март айынан баштап июнь айына чейин өткөрүлгөн.

"Курстун жетекчиси Асел Жураева катышуучулардын тасма тартуу этаптарында алар менен тыгыз байланышта иштеди. Жакынкы күндөрү фильмдердин бет ачары өткөрүлөт. Иш-чарада даректүү тасмалардын дүйнөсүнө коркпостон кадам таштаган жаңы, таланттуу жүздөр ачылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, курстун катышуучулары режиссура, оператордук чеберчилик, драматургия жана монтаж боюнча сабактарды алган. Курста Асел Жураева менен Дастан Жапар уулу сабак берген.

Тасмалар Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө саат 11.00дө көрсөтүлө баштайт.

Тема боюнча

"Шакектер шаасы" чыгармасынын негизинде сериал тартуу пландалууда
Жаш балдардын "Карек" кинофестивалында 75 тасма ат салышат
Садык Шер-Нияз Анжелина Жолини Көчмөндөр оюнуна чакырды. Жолугушуунун сүрөт, видеосу
Белгилер:
Асел Жураева, режиссер, сабак, тасма

ЭҢ МААНИЛҮҮ