БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Ошто 9-ноябрдан баштап "Керемет көч" мультфильми акысыз көрсөтүлөт. Бул тууралуу БУУнун Балдар фондусунан билдирди.
10 жыл ичинде "Керемет көч" мультфильминин 500дөн ашык сериясы жаш көрүүчүлөргө сунушталган.
"ЮНИСЕФ 9-ноябрдан тарта Ош шаарынын балдары менен ата-энелерин "Нур" кинотеатрына "Керемет көч" мультфильмин акысыз көрүүгө чакырат. Мультфильм бейшемби күндөрү саат 11:00дө көрүүчүлөрдүн кызыгуусуна жараша көрсөтүлөт", — дешти ЮНИСЕФтен.
Квинс университетинин изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандагы 3 жаштан 6 жашка чейинки балдардын 98 пайызы аталган мультфильмдин башкы каармандарын сүйүп, алардын жүрүм-турумунан үлгү алышкан. Ошондой эле анын аркасында балдар тамга таанып, жөнөкөй адаттарды үйрөнгөн жана мектепке даярдануусун жакшырткан.